ИДЕОЛОГИЯ
ИДЕОЛО́ГИЯ (идея ж-а ...логия) – коомдук турмуштун бир жааты; курчап турган дүйнөгө карата адамдардын мамилесин ж-а өз ара катышын аныктаган, мүнөздөгөн, максат-ниеттерин негиздеген ой-түшүнүктөр тутуму. Адам алдына койгон максатын, жасаган ишин, көздөгөн ниетин, ага жетүүнүн жолдорун, куралдарын ж-а каражаттарын кайсы бир ой, идеяларга таянып түшүнөт, баалайт, аныктайт, башкаларга түшүндүрөт, таратат. Ушундан И. жаралат. Ар иштин (чоң, кичине, коомдук, аймактык ж. б.) И-сы болот. И-сыз коом болбойт. И-нын негизинде таалим-тарбия иши жүргүзүлөт, коомдук мамилелер аныкталат, чыг-лык калыптанат, адамдар өз ара түшүнүшөт, биригет, коомчулук ж-а адамдардын зор массасы белгилүү бир максатты (багытка) көздөй мобилизацияланат, саясат ишке ашырылат. И. – көп кырлуу, көп түрлүү кубулуш. Коомдук И., улуттук И., мамл. И., диний И. сыяктуу өзүнө тиешелүү маани-мазмунга, түшүнүктөргө ээ. «И.» термин катары француз философу А. Л. К. Дестюг де Трасси тарабынан «идеялар жөнүндөгү окуу» деген мааниде киргизилген (1801). И. кийин Францияда турмуштан алыс, чыныгы саясаттан ажыраган көз караштар маанисин алат. К. Маркс, Ф. Энгельс «бурмаланган, жалган ой-түшүнүк» сапатында түшүнүшкөн. В. И. Ленин «марксизм – бул илимий И.» деп баалаган. Социализм кыйраган соң «И-дан баш тартуу» (деидеологизация) кубулуштары жаралып, жаңы эгемен мамлекеттерде улуттук И-ны табуу аракеттери күчөгөн. Учурда Кырг-нда да коомдук, улуттук И. маселеси бир жаңсыл чечиле элек.
Ж. Бөкөшов.