ИДЕЯ (адабият таанууда)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИДЕ́Я а д а б и я т т а а н у у д а – жазуучунун же акындын көркөм чыгармада берейин деген ой-максаты. Көркөм чыгарманын идеясы образ­дар системасынын бирдигинде берилет. Жазуу­чу өз чыгармасында белгилүү бир маселелерди ортого коюу м-н чектелбестен, өзүнүн идеалы катары анын чечилишин берет, мамилесин бил­дирет, баалайт. Мисалы, Ч. Айтматовдун «Атадан калган туяк» аңгемесинин идеясы – алыстагы согуш апаатынын атасын таптакыр көрбөгөн ооруктагы балага тийгизген таасири.