ИДЕЯ (философиялык категория)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИДЕ́Я – (гр. idta – ой, түшүнүк) – 1) ой түшүнүктүн, чындыкты таанып-билүүнүн өзгөчө түрүн туюнткан философиялык категория; нерсенин маңызын, маанисин көргөзгөн бүтүн, чулу элес. Байыркы грек философиясында түптөлүп, дүйнөнү түшүнүүнүн өзгөчө жолун нуктаган. Платон турмуштагы нерселер (мисалы, үй) утурумдук, өзгөрмө, жаралат-жоголот, ал эми аларга байланышкан идея (мисалы, «үй» идеясы) түбөлүк, туруктуу, өлбөс-өчпөс деп эсептеген. Философия тарыхында идея түшүнүгү көптөгөн өзгөрүү, жаңырууга дуушар болгон. Негизги мааниси – ар кандай нерсенин барлыгын, болушун ырастаган жол, сыпатын аныктоо, анын онтологиялык табиятын көргөзүү; 2) максат, ниет, сунуш.
Ж. Бөкөшов.