ИДИНОВ
ИДИНОВ Кубанычбек (16.7.1949-ж. т.‚ Нарын обл.‚ Жумгал р-ну‚ Жаңы-Арык айылы) – экономика илимд. доктору (1993)‚ агрардык теория, эл аралык экономика‚ политология ж-а коммерциялык укук б-ча адис. КМУну (1970)‚ Россия башкаруу академиясын (1988)‚ КМУУ-нун юриспруденция б-ча магистратурасын (2000) бүткөн. О. Азия аскер округунун взвод командири (1970–72). Кыргыз CCР ИА ЭИде ил. кызматкер (1972–80)‚ Кыр-н КП БКнын инструктору‚ бөлүм башчынын орун басары (1980–86)‚ Ысык-Көл р-ндук аткаруу к-тинин ж-а р-ндук кеңешинин төрагасы (1988–91)‚ Нарын обл. кеңешинин төрагасынын орун басары (1991–92)‚ КРдин Эсеп палатасынын төрагасы (1993–96)‚
КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (1990– 2000)‚ 2000-жылдан Кыргыз-түрк «Манас» ун-тинин проф. 80ден ашуун ил. эмгеги‚ а. и. 8 монографиясы жарык көргөн.
Эмг.: Кыргызстан в системе Международных экономических отношений. Б., 1997; Влияние внешной экономической помощи на экономику Кыргызстана (соавторство). Б.‚ 2001; Формирование и развитие агробизнеса в условиях трансформирующей экономики. Б.‚ 2002.