ИДИНОВ Кубанычбек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИДИНОВ Кубанычбек (16.7.1949-жылы туулган‚ Нарын облусу‚ Жумгал району‚ Жаңы-Арык айылы) – эко­номика илимдеринин доктору (1993)‚ агрардык тео­рия, эл аралык экономика‚ политология ж-а коммерциялык укук боюнча адис. КМУну (1970)‚ Россия башкаруу академиясын (1988)‚ КМУУнун юриспруденция боюнча магистратурасын (2000) бүткөн. Орто Азия аскер округунун взвод коман­дири (1970–72). Кыргыз CCР ИА ЭИде илимий кыз­маткер (1972–80)‚ Кыргызстан КП БКнын инструкто­ру‚ бөлүм башчынын орун басары (1980–86)‚ Ысык-Көл райондук аткаруу комитетинин ж-а райондук кеңешинин төрагасы (1988–91)‚ Нарын облустук ке­ңешинин төрагасынын орун басары (1991–92)‚ КРдин эсеп палатасынын төрагасы (1993–96)‚ КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (1990– 2000)‚ 2000-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» университети­нин профессору. 80ден ашуун илимий эмгеги‚ анын ичинде 8 моно­графиясы жарык көргөн.


Эмг.: Кыргызстан в системе Международных экономических отношений. Б., 1997; Влияние внешной экономической помощи на экономику Кыргызстана (соавторство). Б.‚ 2001; Формирование и развитие агробизнеса в условиях трансформирующей эко­номики. Б.‚ 2002.