ИДИНОВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИДИНОВ Айып (3.5.1927, Нарын обл., Жумгал р-ну, Жаңы-Арык айылы – 18.10.1997, Биш­кек) – тарых илимд. доктору (1998), проф. (1981), КРдин элге билим берүүгө эмг. сиң. кыз­маткери (1993). Кырг-н КП БКга караштуу парт. мектепти (1950), КМУну (1958) бүтүргөн. 1943- жылдан Жаңы-Арык айыл советинин секрета­ры, комсомолдун Жумгал райкомунун 2-,1-сек­ретары, Тянь-Шань обкомунун секретары, 1962- жылдан КМУда улук окутуучу, доцент, проф., кафедра башчысы, парткомдун секретары болуп иштеген. Кырг-ндын парт. уюмдарында комму­нисттердин авангарддык ролун жогорулатууга арналган 130 ил. эмгектин (а. и. 6 монография) автору. СССР билим берүүсүнүн ж-а Кыргыз ССРинин эл агартуу отличниги (1965). Медал­дар м-н сыйланган. Жумгал р-нунун Кызарт айылындагы мектепке ысмы берилген.