ИЕРАРХИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЕРА́РХИЯ (гр. hierjs – ыйык, arche – бий­лик) – 1) бүтүндүн бөлүктөрүнүн же элементте­ринин жогортон төмөн карай удаалаштык тар­типте жайгашуусу; 2) социалдык И. – коомдун, бюрократиянын социалдык структурасы; 3) кыз­маттык И. – кызматтык наамдардын, чиндер­дин баш ийүү тартиби б-ча төмөндөн жогору карай ырааттуу жайгашуусу; 4) чиркөө И-сы – православие, католик чиркөөлөрүнүн дин кыз­маткерлерине баш ийүүсү м-н мүнөздөлгөн уюм­дашуу принциби; ишкананын ичинде чарбалык ишмердикти уюштуруу. Чарбалык бүтүмдү ат­карууну фирманын ички башкаруу бөлүмү ишке ашыргандыктан‚ анын натыйжасында башка­руунун рыноктук түрү алмашылган учурда орун алат. Ошентип‚ экон. координациядагы рынок­тук ж-а И-лык мамилелер бардык эле экон. сис­темада бирин-бири толуктап турат‚ айырмасы – чарбалык ишмердиктеги макулдашуунун бирин­де рыноктук‚ экинчисинде И-лык ыкма үстөмдүк кылат.