ИЕРАРХИЯ БАЗАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИЕРА́РХИЯ БАЗАСЫ – бир ысымдуу генеал. дарак же таблица түрүндө уюштурулган жогорку деңгээлдеги берилиш базасы. Берилиштер иерархиясы бит, байт, талаа, жазылыш ж-а берилиштер базасы түрүндө уюштурулат. Генеал. дарак сыяктуу И. б. бутактарга ажырайт, ал энелик ж-а балалык жазылыштар болуп бөлүнөт. И. б-нын башындагы энелик жазылыш түпкү жазылыш деп айтылат. Өзүнчө процессте түзүлгөн берилиштер базасында энелик-балалык байланыштар орнотулат. И. б-нын артыкчылыгы – берилиштер байланышы алдын ала аныкталгандыктан, берилишке жетүү жеңил аткарылат.