ИЕРОГЛИФ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЕРО́ГЛИФ (гр. hierjs – ыйык ж-а glyphe – оюлган нерсе, белги) – 1) кандайдыр бир нерсе­нин сүрөтү (мис., адам, айбанат, жаратылыш ж. б.) түрүндөгү графема. Сөз муун жазууларын­да (мис., египет жазуусу, кытай жазуусу) көп кезигет; б. з. ч. 4-к-да колдонулган египет жа­зуусунун образдуу сүрөт белгилери. Анын 5 миң­ге жакын түрү белгилүү. Бирок ар бир доордо андай И-тин 800дөйү гана колдонулган. Египет


И-инин төмөнкүдөй түрлөрү бар: 1) египет ти­линин үнсүз тыбыштарын туюндуруучу бир айкалыш белгилер (30дай); 2) морфемалардын фонет. туюнтмасы катары алынган эки-үч ай­калыш белгилер; 3) бүтүндөй бир сөздү туюнду­руучу белгилер – идеограммалар; 4) сөз маани­лерин тактоочу, көмөкчү идеогр. белгилер – де­терминативдер. И. башка алфавиттик эмес жа­зуулардын белгилери жазмаларда да колдонулат (к. Кытай жазуусу, Япон жазуусу). И. деп адатта байыркы ж-а азыркы кытай жазуусу­нун, сүрөт түрүндөгү хетт жазуусунун бири сыяк­туу белгилери аталат.