ИЕРУСАЛИМ
ИЕРУСАЛИ́М (байыркы еврейче И е р у ш ал а и м, ар. А л ь - К у д с) – Израилдеги шаар. Адм. жактан аты окшош округду түзөт. Жер Ортолук деңизден 60 км чыгышта, Жансыз деңизден 30 км батышта, бөксө тоолуу чөлдө, деңиз деңг. 740 м бийиктикте жайгашкан. Иудейлердин, христиандардын, мусулмандардын диний («ыйык») борбору. Калкы 743,5 миң (2007); калкынын саны б-ча өлкөдөгү ири шаар. Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Аэропорту бар. Шаар эки (эски ж-а жаңы) бөлүктөн турат.

Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү (эмгекке жарамдуу калктын 87%и) түзөт. И. – заманбап жогорку техника өндүрүшүнүн борборлорунун бири. Эл аралык ж-а израилдик ири концерндер [а. и. «Intel» ж-а «Motorola» (компьютерлер үчүн электрондук схемаларды чыгарат), «AVK Izrael» (мобилдик байланыштар үчүн микросхема)], тиричилик электр-техникалары, фармацевтика, текстиль, булгаары – бут кийим, жыгаччылык (а. и. эмерек), курулуш материалдар, ишканалары ж-а салттуу полигр., тамак-аш ө. ж. иштейт. Зер буюмдарды жасоо (алмаз иштетилет, кырдалат) өнүккөн. Алгач б. з. ч. 2-к-дын ортосунан эскерилет. Кийинчерээк Иудей падышалыгы, Александр Македонский державасы, Байыркы Рим,

Византия, Селевки мамлекети, Араб халифаты, Айюбилер ж-а мамлюктардын башкаруусунда болгон. 16-к-дын башынан Осмон империясынын башкаруусуна өткөн. 1917-ж. декабрда англ. аскерлер басып алган. 1920–48-ж. Англиянын мандаты м-н башкарылуучу Палестинанын адм. борбору. Палестинада Англиянын бийлиги жоюлган соң БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими б-ча 1947-жылдын 29- ноябрынан БУУнун башкаруусу м-н өз алдынча адм. бирдик болууга тийиш эле, бирок 1948– 49-ж-дагы араб-израил согушунан кийин И-дин чыгышы Иорданияга, батышы Израилге тийген. 1950-ж. январда Израил өкмөтү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечимин тоотпой И-ди Израилдин борбору деп жарыялаган. Улуу Британия, СССР, АКШ, Франция ж. б. мамлекеттер Израилдин бул чечимин тааныган эмес. 1967-ж. июлдун башында Израиль И-дин чыгыш бөлүгүн басып алып, 1980-ж. И-ди бүт Израилдин «түбөлүктүү ж-а бөлүнгүс борбору» деп жарыялаган. Эски шаар – азыркы И-дин тарыхый борбору. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Анда Кудайдын табыты ротондасы, Муң (Плач) дубалы (Экинчи Храм талкаланганда бүлүнбөй калган), Куббат ас-Сахра (687–691), Эль-Акса (Мухаммедге пайгамбарлык берилген жер) мечиттери, 11–12-к-дын чиркөөлөрү, цитадель (14–16-к.), Ыйык Иаков монастыры (12-к.; байыркы баалуу китептер сакталууда), падыша Давиддин табыты (4-к.; Сион тоосунун чокусунда) ж. б. көптөгөн эстеликтер сакталган. Батыш бөлүгү 19-к-дын ортосунан курулууда. Ун-т комплекси, китепканалар, Улуттук «Бецалель» (сүрөт), Улуттук Израиль (искво ж-а археол. эстеликтери) ж. б. музейлери, «Хадасса» мед. борбору (1960) бар. Жыл сайын эл аралык Израиль (1982), кино (1982), куурчак театрлардын ж-а камералык музыка (1997) фестивалдары, Л. Беристайн атн. музыка конкурсу өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.
Ад.: Кацнельсон М. Иерусалим – город трех рели-
гий. СПб., 2001; Все столицы мира. Энциклопедический справочник. М., 2004; Носенко П. В. Иерусалим. Три религии. Три мира. М., 2006.