ИЖАРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЖАРА (полякча arenda) – мүлктү белгилүү акы алуу м-н башка бирөөгө пайдаланууга берүү. И. келишиминин негизинде ижара берүүчү мүлктү ижара алуучуга убактылуу ээлик кылууга ж-а пайдаланууга бере алат. Мүлк пайдаланууга мөөнөтсүз же мөөнөттүү берилет. Чет өлкөлүк юрид. жактарга, жарандарга ж-а жарандыгы жокторго мүлк мөөнөттүү пайдаланууга бери­лет. Мамлекеттин менчигиндеги жер участка­лары мамл. ж-а коммуналдык пайдалануучу­ларга гана мөөнөтсүз берилет. Мыйзам мүлктүн үчүнчү адамга ижара берүүчүнүн макулдугу м-н гана берилишине жол коёт. Мүлктү И-га берүү жарандык мыйзамдын негиздери, ар кандай мүлктү убактылуу пайдаланууга алуу эрежеле­ри м-н жөнгө салынат. И. тех. каражаттарды же башка мүлктөрдү убактылуу пайдаланууга муктаж ишканалардын, бирикмелердин, уюм­дардын нормалдуу иштешин камсыз кылат, элдин турмуш-тиричилик ж. б. керектөөлөрүн канааттандырууга шарт түзөт. Кырг-нда И. эл чарбасынын бардык тармактарында, о. эле мен­чиктин бардык түрлөрүндө колдонулат.