ИЗБАСКЕН НЕФТЬ ЖАНА ГАЗ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗБАСКЕН НЕФТЬ ЖАНА ГАЗ КЕНИ– Жа­лал-Абад обл-нун Ноокен р-нунда, Жалал-Абад ш-нан 55 км түн.-батышта, Таш-Көмүр ш-нан 45 км түш.-чыгышта жайгашкан. Нефтинин та­бигый түрдө агып чыгышы жерг. элге илгертен белгилүү. 1946-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, 1950-ж. нефть, 1957-ж. күйүүчү газ алына баштаган. Кен аймагында неоген мезги­линде пайда болгон конгломерат, кумдук, чопо, палеогендик акиташ теги, чопо катмарлары бар. Нефть палеоген тоо тектериндеги кумдуктун арасында 4 горизонт түзүп жатат. Кен аянты 1,0Ч0,5–7,0Ч1,0 км. Нефть 2400 мге чейинки те­реңдикте кезигет. Тыгыздыгы 0,860–0,867 г/см3, парафиндүүлүгү 7,5–9,5%, күкүрттүүлүгү 0,17– 0,19%, тем-расы 78–84°С. Курамындагы асфаль­тен 0,145–0,45%, кокс 3,03–5,55%, акциз ча­йыры 16–50%. Газ бор мезгилинин аягында пай­да болгон тоо тек катмарында топтолгон. Мын­да газдын ө. ж-лык маанидеги бир горизонту (VIII) бар. Аянты 2,0Ч0,5 км, калыңдыгы 30 м. 1996-ж. кенден 3 миң т нефть ж-а 2 млн м3 газ алынган. 1997-жылга карата нефтинин запа­сы В+С1 категориясы б-ча – 187 миң т , С2 – 96 миң т , эркин газдын запасы С1 категориясы б-ча – 425 м3.