ИЗМИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗМИ́Р (Izmir, байыркы гр. – Смирна) – Түр­киядагы шаар ж-а ири порт. Эгей деңизиндеги Измир булуңунун жээгинде жайгашкан. Измир илинин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Калкы 2,6 млн (2008). Эл аралык аэропорту бар. Тамак­аш – татымал, текстиль, машина куруу ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Ун-т бар. Б. з. ч. 2-миң жылдыкта негизделген. Б. з. ч. 7-к-дагы ибадаткананын калдыктары, Тантал күмбөзү (б. з. ч. 6-к.) чептин (эллинизм мезгили) дуба­лы ж-а дарбазасы, агора мечити (2-к.) сак­талган.