ИЗОЛОГИЯЛЫК КАТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОЛОГИЯЛЫК КАТАР – функциялык топ­тору ж-а көмүртек скелети бирдей, бирок ка­ныкпагандык даражасы м-н айырмаланган уг­леводороддун ж-а алардан алынган заттардын тобу. Ар бир И. к-да каныкпаган байланыштар көбөйөт. Изологдордун аралыгында туруктуу сандык айырмасы 2Н болот. Углеводороддордун жөнөкөй И. к. – этан С2Н6, этилен С2Н4 ж-а ацетилен С2Н2. Бул катардын функциялык туундулары, мис., пропан СН3 – СН2 – СООН, акрил СН2 = СНСООН к-талары.