ИЗОМЕРИЯ
ИЗОМЕРИ́Я (изо... ж-а гр. mtros – бөлүк,
үлүш) – заттардын курамы ж-а мол. массасы
бирдей болуп, түзүлүшү же атомдорунун мейкиндикте жайгашуусу ж-а ага байланыштуу физ.- хим. касиеттеринин ар башка болуу кубулушу. 1823-ж. немис химиги Ю. Либих ачып, «И.» терминин 1830-ж. Й. Берцелиус сунуш кылган. 19-к-дын 60-жылдарында А. М. Бутлеров хим. түзүлүш теориясында И. кубулушун толук түшүндүргөн. Ал структуралык ж-а мейкиндиктик болуп бөлүнөт. С т р у к т у р а л ы к И-га бутандын (С4Н10) эки: n-бутан СН3–СН2–СН2–СН3
ж-а изобутан СН –СН–СН ; пентандын (С Н
) үч
3 3
⏐
СН3
5 12
изомери: n-пентан СН3–СН2– СН2 – СН2– СН3,
изопентан СН3 – СН – СН2 – СН3 ж-а неопентан
⏐
СН3
СН3
⏐
СН3 – С – СН3 мисал болот. Көмүртектин чын-
⏐
СН3
жырындагы функциялык топтордун ж-а көп
байланыштын жайгашышына жараша да изомер пайда болот, мис., пропанол-1 СН3 – СН2–
–СН2ОН ж-а пропанол-тен-1 СН2– СН– СН2–СН3 ж-а бутен-2 СН3– СН–
– СН–СН3 ж. б. М е й к и н д и к И-сы оптикалык ж-а геом. (цис-, транс-) болуп бөлүнөт. О пт и к а л ы к И. молекулада асимметриялуу көмүртек атому бар орг. заттарда кездешет. Мындай молекулалар полярланган жарыктын тегиздигин буруу касиетине ээ. Көмүртектин асимметриялуу бир атому бар молекула мейкиндикте 2 изомерди (L-форма ж-а D-форма) пайда кылат. Буга сүт к-тасы СН *СН(ОН) СООН
м-н белгиленген). Мында изомерлердин физ. ж-а хим. касиеттери окшош болуп, полярланган жарыктын тегиздигин солго ж-а оңго буруп, бири бирине күзгүдөн чагылгандай кристаллданат. Г е о м е т р и я л ы к И. кош байланыштуу циклдүү бирикмелерде кездешет. Алардын молекулаларындагы функциялык топтор мейкиндикте ар түрдүү багытта жайгашат. Мис., 2 негиздүү к-танын НООС– СН = СН–СООН эки геом. изомери (цис-, трансформалары) бар:
малеин к-тасы фумар к-тасы: Н
С – СООН НООС – С – Н
С – СООН Н – С – СООН Н
цисформасы, трансформасы.
Геом. изомерлердин физ. ж-а хим. касиеттеринде чоң айырма бар, мис., малеин к-тасы суунун молекуласын бөлүп чыгарып, ангидрид пайда кылса, фумар к-тасы ангидрид бербейт.
Ад.: Потапов В. М. Стереохимия. М., 1988; Ады-
лов С. А., Асанов Ү. А. Органикалык химия курсу. Б., 2003.
мисал болот (асимметриялуу
3
атом жылдызча