ИЗОНИТРИЛДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОНИТРИЛДЕР , и з о ц и а н и д д е р, к а р­б и л а м и н д е р – синил к-тасынын изо­мердик формасына туура келген орг. бирикме­лер. Жалпы формуласы R – C ≡ N – орг. ради­кал. Алар жагымсыз жыты бар, уулуу, түссүз суюк же катуу заттар; спиртте, эфирде жакшы эрийт; көпчүлүгү сууда эрибейт, жегичтерге ту­руктуу. Суюлтулган к-таларда тез эле биринчи­лик аминдерге (RNH2) ж-а кумурска к-тасына гид- + – H2O ролизденет: R − N ≡ C ⎯⎯→ R − NH2 + HCOOH. + H Күкүрт, хлор м-н реакцияга кирет, ысытканда нитрилге изомерленет. Аны хлороформ м-н би­ринчилик аминдин аралашмасын щелочтук спирттеги эритмесине кошуудан, синиль к-та­сынын күмүш сымал, коргошун туздарын ал­килдөө ж. б. жолдор м-н алынат. И-ди гидр­лөөдөн, экинчилик аминдерди RNHCH3 окис­тендирип, изоцианаттарды RN=C=O, жогорку темп-рада (200–250°С) нитрилдерди RC=N алуу­га болот. И. өтмө металлдардын изонитрилдик комплекстерин пайда кылат. И. – орг. синтезде чоң маанилүү аралык зат. Гетероциклдүү кошул­маларды, пептиддерди ж. б. алууда, о. эле би­ринчилик аминдерге сапаттык анализ жүргүзүүдө колдонулат.