ИЗООКТАН
ИЗООКТА́Н , 2, 2, 4-т р и м е т и л п е н т а н, (СН3)3– ССН2СН(СН3)2 – алифаттык чектүү углеводород; октандын изомерлеринин бири. Бензин жыттанган тунук, түссүз суюктук; кайноо t 99,2°С; сууда эрибейт, кадимки орг. эриткичтерде эрийт; бензол, метанол ж-а этанол м-н азеотроптук аралашманы пайда кылат. И. башка изомерлери м-н бирге бир аз санда нефтини буулантып айдоодо алынган бензинде кездешет. Ө. ж-да И. изобутиленди полимерлөөдөн алынган димерди гидрлөө же болбосо изобутанды изобутилен м-н концент. күкүрт к-сы H SO , AlCl3, BF 2 4 3 ж. б. катализаторлорду катыштырып а лкилдөө жолу м-н алынат. И-дын н-геп-
тан м-н болгон аралашмасы мотор отундарынын детонацияга туруктуулугун аныктоодо колдонулат ж-а аны октан саны м-н мүнөздөйт. Эгерде бензиндин детонациялык мүмкүнчүлүгү аралашманын мүмкүнчүлүгүнө барабар болсо (80% изооктандан, 20% н-гептандан турган), анда ал бензиндин октан саны 80ге барабар, к. Октан саны.