ИЗОПРЕН КАУЧУГУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИЗОПРЕ́Н КАУЧУГУ [– СН2С(СН3) = СН – СН2]n – изопрендин полимерленүүсүнөн алынган синтездик каучук. Мол. салм. 300 миңден 1 млнго чейин, тыгыздыгы 0,91–0,92 г/см3, кристаллдануу t 25°С, айнектенүү t 70°С болгон, 95–98% 1–4-цис звенолорунан турган зат. И. к. көпчүлүк углеводороддордо, СНС3, ССl4, СS2де эрийт. Мындай каучук эритмеде катализаторду пайдаланып, изопренди полимерлөөдөн алынат. Күкүрт м-н вулкандаштырылат. Тех. сапаттары б-ча табигый каучукка окшош. Чоюлгучтугу, бышыктыгы абдан жогору, салыштырма узаруусу 70– 100%, серпилгичтиги 65–75%. Синтездик И. к. табигый каучукту алмаштырат. Алардан ар түрдүү резина буюмдар жасалат.