ИЗОПРОПИЛ СПИРТИ
ИЗОПРОПИ́Л СПИРТИ , 2 - п р о п а н о л, и з оп р о п а н о л, (СН3)2СНОН – алифаттык катардагы эң жөнөкөй спирт. Мол. салм. 60,09.
Мүнөздүү жыты бар түссүз суюктук; кайноо t 82,4°С; суу ж-а орг. эриткичтер м-н бардык катышта аралашат. Суу м-н азеотроптук аралашманы пайда кылат. И. с. экинчилик бир атомдуу спирттердин бардык касиеттерине ээ; жөнөкөй ж-а татаал эфирлерди пайда кылат, ОН – тобу галоген м-н орун алмашат. Дегидрлөөдөн ацетонго айланат. Күкүрт к-тасынын катышуусунда ароматтык углеводороддор м-н реакцияга кирип, алардын туундуларын (изопропилбензолду, изопропилтолуолду ж. б.) берет.
Ө. ж-да пропиленди гидраттоо жолу м-н алынат. О. эле парафиндерди аба м-н окистендирүүдөн да алууга болот. И. с. ацетонду, эфирлерди ж. б. орг. бирикмелерди алууда, парфюмерияда, фармацияда, косметика ө. ж-нда эриткич катары, майлардын, табигый чайырлардын, латекстердин экстрагенти ж-а антифриз катары колдонулат.