ИЗОСЫЗЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОСЫЗЫКТАР (изо... ж-а сызык) – геогр. кар­тада, вертикалдык кесилиште же графикте кан­дайдыр бир бирдей маанидеги чоңдуктарды (мис., темп-ра, басым ж. б.) туташтыруучу сы­зык. Айрым мезгилдеги же бир учурдагы үз­гүлтүксүз кубулуштарга мүнөздөмө берет (мис., изобаттар, изобара). Табигый ж-а социалдык экон. кубулуштарды картага түшүрүү, о. эле алардын сандык мүнөздөмөлөрүн алууда ж-а өз ара корреляциялык байланышын анализдөөдө пайдаланылат.