ИЗОТЕРМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОТЕ́РМА (изо... ж-а гр. thtrmē – жылуулук) – термод. абал диаграммасында изотерма процес­син аныктоочу ийри сызык. Идеалдык газдын И. теңдемеси pV=const, мында р – басым, V – газдын көлөмү. р, V координата тегиздигинде И-нин графиги – гипербола. Реалдуу газдын аба­лы Ван-дер-Ваальс теңдемеси м-н аныкталат. Реалдуу газдын И. теңдемеси татаалыраак мү­нөзгө ээ. Бирок, ал төмөнкү басымда же жогор­ку темп-рада идеалдуу газдын И. теңдемесине өтөт.