ИЗОТЕРМА ПРОЦЕССИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОТЕ́РМА ПРОЦЕССИ – физ. системада турук­туу темп-ра шартында өтүүчү процесс, термод.


абал диаграммасында изотерма сызыгы м-н сү­рөттөлөт. И. п. системаны жылуулук өткөрүм­дүүлүгү чоң термостатка жайгаштырганда жүрөт. Жылуулук алмашуу тез жүргөндүктөн, систе­манын темп-расы термостаттыкынан айырма­ланбайт. И. п-не турактуу басымда кристаллдык катуу нерсенин эрүүсү ж-а суюктуктун кайноо­су кирет. Берилген массадагы идеалдуу газда өтүүчү И. п. Бойль–Мариотт законуна баш иет. И. п-инде системага белгилүү санда жылуулук берилет (же жылуулукту өзүнөн берет), ал тыш­кы жумушту аткарат. И. п-нде идеалдуу газ­дын аткарган жумушу NkTln(V2/V1)ге барабар, мында N – газ бөлүкчөсүнүн саны, Т – абс. темп­ра, V1 ж-а V2– процесстин башталышы ж-а акы­рындагы газдын көлөмдөрү, k – Больцман ту­руктуулугу. Катуу нерсе ж-а көпчүлүк суюктук­тан, фазалык өтүү болбосо, И. п-де көлөм өтө аз өзгөрөт.