ИЗОТОПТОР
ИЗОТОПТОР (изо... ж-а гр. tjpos – орун) – эле-
менттердин мезгилдик системасында бир орун-
да жайгашкан бир эле хим. элементтин атом
массасы м-н айырмаланган түрлөрү. И-дун атом ядросу бири биринен нейтрон саны м-н айырмаланат, ал эми протондорунун саны бирдей. Нейтрон бейтарап бөлүкчө, ал ядронун зарядын өзгөртпөйт. Берилген элементтин И-нун хим. касиеттери негизинен окшош, атом массалык санына жараша алардын ядро-физ. касиеттери (ядронун туруктуулугу же туруксуздугу, жарым ажыроо мезгили ж. б.) түрдүүчө. И. т ур у к т у у ж-а р а д и о а к т и в д ү ү болуп айырмаланат. «И.» терминин 1910-ж. англ. окумуштуу Ф. Содди киргизген. И-ду кыскача белгилөө үчүн хим. элементтин символунун сол жак даражасына И-дун массалык саны көрсөтүлөт, мис.,16О, 17О, 18О – кычкылтек И-у.