ИЗОТОПТУК Г-ДА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Изотоптук Г-да 20-к-дын башында Францияда П. Кюри, Англияда Э. Резерфорд тоо тектер м-н минералдардын курамындагы хим. элементтердин (уран, торий, калий, рубидий ж. б.) радиоактивдүү ажыроосун изилдөөнүн негизинде, алардын абс. жашын (адатта млн жыл м-н) аныктоо мүмкүнчүлүгүн ачышкан. Мында ар бир радиоактивдүү элемент ар түрдүү, бирок дайыма туруктуу ылдамдык м-н ажырайт. Бул ажыроо ылдамдыгы Жер пайда болгондон бери өзгөрбөстөн бир калыпта болот деп эсептелет. Радиоактивдүү ажыроонун натыйжасында убакыт өткөн сайын алгачкы радиоактивдүү элементтин атомдору азайып, андан ары ажырабай турган туруктуу атомдордун өлчөмү (саны) көбөйөт. Мис., уран же торий ажыраганда коргошун атомдору түзүлөт. Абс. жашты аныктоо ошол туруктуу атомдордун өлчөмүн (ажыроо продуктуларын) өлчөөгө негизделген. Бул максатта уран – U, торий – Тh, радий – Ra, калий – К сыяктуу ажыроосу өтө жай ж-а узак (бир нече млрд) жылдар бою жүрө турган элементтер пайдаланылат. Тоо тектердин курамында аз да болсо ар кандай өлчөмдө радиоактивдүү хим. элементтер болот. Убакыт өткөн сайын мындай элементтер өзүнөн өзү ажырап, башка элементтерге (коргошун – Pb, гелий – Не, аргон – Аr ж. б.) айланат. Бул ажыроо процессине тышкы факторлор өз таасирин тийгизе албайт. Тоо тектердин курамын кылдаттык м-н изилдөөдөн, ал жаралгандан кийин анда коргошун же гелийдин канча жаӊы атомдору пайда болгондугун, ажырай элек радиоактивдүү элементтердин канчасы калганын аныктап, тоо тектин жашын эсептеп чыгууга болот. Уран (238U) кандай гана өлчөмдө болбосун 4,51.109, торий (232Тh) – 1,41.1010 жылда теӊ жарымына ажырайт. Бир катар радиоактивдүү минералдардын абс. жашын 1-жолу 1907-ж. Э. Резерфорддун сунушу б-ча Б. Болтвуд (Канада) аныктаган. Фанерозойдун Г-лык шкаласын 1938-ж. англ. геолог А. Холмс түзгөн, кийин (1968) Д. А. Афанасьев ага түзөтүүлөрдү киргизген. Азыркы кезде илимге белгилүү жер бетинин эӊ байыркы тоо тектеринин абс. жашы 3500 млрд жыл чамасында. Радиоактивдүү ажыроо закону б-ча ажыроо башталгандан бери убакыт төмөндөгүдөй формула м-н эсептелет: ln (1 ), Р l Д t 􀀠 􀀎 􀁏 мында Д – ажыроо мезгилинде пайда болгон туруктуу элементтин атомдорунун саны, Р – азыркы кездеги радиоактивдүү элементтин атомдорунун саны, 􀁏􀀃– ажыроо константасы. Р Д жалгыз гана радиоактивдүү ажыроодон өзгөрсө, б. а. минерал жабык (туюк) системаны түзгөн учурда гана абс. жаш так аныкталууга мүмкүн. Абс. жашты аныктоодо табигый радиоактивдүү ажыроонун төмөндөгүдөй негизги типтери колдонулат: 238U􀁯 206Pb+84He; 235U􀁯 207Pb+74He;


Формула бар

87Rb87Sr+􀁅; 187Rе􀁯187Оs+􀁅. Ажыроо аягында чыккан продуктуларына жараша: коргошун (уран торий-коргошун), гелий, аргон (аргон-калий), кальций, стронций (стронций-рубидий) ж-а осмий ыкмалары болуп бөлүнөт. Алардын ичинен практикада кеӊири колдонулганы – коргошун, аргон, стронций ыкмалары. К о р г о ш у н ы к м а с ы уранинит, моноцит, циркон ж-а ортит сыяктуу курамында уранторий бар минералдардагы радиогендик коргошунду изилдөөгө негизделген. Радиогендик коргошунду пайда кылуучу ажыроо типтерин (238U􀁯206Pb; 235U􀁯207 Pb; 232Th􀁯208 Pb) ажыроо законунун формуласына келтирсе, төмөндөгүдөй теӊдеме чыгат: . U U U U Pb Pb –1 –1 238 8 235 206 207 23 235 􀀠 t 􀂘 t 􀉟􀉟􀁏 􀁏 Мында U U 238 235 =137,7 ж-а минералдар м-н тоо тектердин бардыгында бирдей болгондуктан, өлчөө бир гана b b 􀉊 􀉊 206 207 б-ча жүргүзүлүп, геол. жаш тагыраак болот. А р г о н ы к м а с ы калийлүү минералдардагы радиогендик аргондун өлчөмүн аныктоого негизделген. Магма тоо тектеринин абс. жашын аныктоодо негизинен мусковит, биотит, талаа шпаты, ал эми чөкмө тектерди изилдөөдө глауконит пайдаланылат. С т р о н ц и й ы к м а с ы рубидийдин (87Rb) радиоактивдик ажыроосунан стронцийге (87Sr) айлануусуна негизделген.
Ад.: Старик И. Е. Ядерная геохронология. М.; Л., 1961; Тугаринов А. И., Войткевич Г. В. Докембрийская геохронология материков. 2-е изд. М., 1970; Афанасьев Г. Д., Зыков С. И. Геохронологическая шкала фанерозоя в свете новых значений постоянных распад. М., 1975; Войткевич Г. В. Геологическая геохронология Земли. М., 1984; Леонов Г. П. Историческая геология: Основы и методы. М., 1980; Короновский Н. В., Хаин В. Е., Ясамов Н. А. Историческая геология. 2-е изд. М., 2006.