ИЗОХИНОЛИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОХИНОЛИ́Н , б е н з о п и р и д и н, С9Н7N – ароматтуу бирикме, бадам жыттуу гигроскоп­туу кристалл. Эрүү t 26,5°С, кайноо t 243,5°С. И. муздак сууда начар, орг. эриткичтерде жак­шы эрийт. И. хинолинге караганда күчтүүрөөк негиз. Аны Pt катышуусунда гидрлегенде 1, 2, 3, 4 тетрагидрохинолинге, толук гидрлегенде цис­декагидро-изохинолинге айланат. Суюк же газ фазада, мис., О3 ж-а О2 аралашмасы м-н окис­тендиргенде, пиридин 3, 4-дикарбон ж-а фталь к-талары пайда болот. Электрофилдүү реагент­тер 5-көмүртектин атомундагы суутек м-н орун алмашат. И-ди бромдоо AlCl3 катышуусунда, нитрлөө HNO3 ж-а H2SO4 аралашмасынын таа­сири алдында жүрөт. Нуклеофилдүү орун алма­шуу көбүнчө 1-абалда өтөт. И. таш көмүр чайы­рынын дистилляциясынан алынат. Боёкторду (мис., изохинолиндүү кызыл) ж-а дары-дармек­терди синтездөөдө баштапкы зат.