ИЗОХОРА ПРОЦЕССИ
ИЗОХО́РА ПРОЦЕССИ – туруктуу көлөмдөгү физ. системада өтүүчү термод. процесс. Ал термод. абал диаграммасында изохора сызыгы м-н көрсөтүлөт. Газда ж-а суюктукта И. п-н ишке ашыруу үчүн алар көлөмү өзгөрбөгөн жылчыксыз идишке жайгаштырылат. Термодинамиканын 1-закону (Q=∆U+P∆V) б-ча И. п-инде мех. жумуш аткарылбайт (жумуш А= p∆V; V=const; ∆V=0). Ички энергия ∆Uнун өзгөрүшү жалгыз гана жылуулукту (∆Q) жутуу же чыгаруу м-н коштолот. Газдын (суюктуктун) темп-расы өзгөрсө, анын басымы да өзгөрөт (Шарль закону). Реалдуу газ үчүн Шарль закону аткарылбайт, себеби газга берилген жылуулуктун бир бөлүгү бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттешүү энергиясын жогорулатуу үчүн жумшалат. Катуу нерседе И. п-н ишке ашыруу тех. жактан татаал, себеби алар өтө аз кысылат ж-а кеңейет.