ИЗРАИЛЬ
ИЗРА́ИЛЬ , И з р а и л ь М а м л е к е т и – (Мединат Исраэль) – Жакынкы Чыгыштагы мамлекет; Азиянын батыш бөлүгүндө, Жер Ортолук деңиздин түш.-чыгыш жээгинде жайгашкан. Түндүгүнөн Ливан, түн.-чыгышынан Сирия, чыгышынан Иордания (чек арасынын бир бөлүгү Жансыз деңиздин акваториясы аркылуу өтөт), түш.-батышынан Египет м-н чектешет. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1947-жылдын 29- ноябрдагы Палестинаны бөлүү ж-дөгү чечими б-ча бөлүнгөн аянты 14 миң км2; ал эми 1948– 49-жылдардагы араб-израиль согушунда басып алган жерлерди кошкондо 20,7 миң км2; 1967-ж. басып алган жерлер (Иордан д-нын ба-

тыш жээги, Чыгыш Иерусалим, Сирия Голан дөңсөөсү) м-н 21,6 миң км2 (Тивериад көлүнүн акваториясын ж-а Жансыз деңиздин акваториясынын бир бөлүгүн кошкондо 22,1 миң км2). Калкы 7,1 млн (2007). Өлкөнүн башкы экон. ж-а маданий борбору – Тель-Авив ш. БУУнун каршылыгына карабастан, 1950-ж. Иерусалим ш. өлкөнүн борбору деп жарыяланган. Өкмөт мекемелери, парламент шаардын батыш бөлүгүнө жайгаштырылган (калкы 400 миңден ашык, анын 250 миңдейи – еврейлер, 160 миңи – арабдар. Расмий тили – иврит (байыркы еврей) ж-а араб тилдери. Акча бирдиги – шекель. Адм.- айм. жактан шарттуу 15 райондон турган 9 округга (мехоз; анын курамына И. басып алган жерлер – Иордан д-нын Батыш жээгинин бир бөлүгү ж-а Сириянын Голан дөңсөөсү да камтылган) бөлүнөт.
Округдары ж-а райондору (2006)
И. – БУУнун (1949), ЭВФтин (1954), Бүткүл
дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
. И. – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Атайын конституциясы жок, өлкөдөгү иш-чаралар көз каранды эместик декларациясынын (1948) ж-а 11 негизги мыйзам актылары м-н жөнгө салынат. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – кнессет (4 жылга шайланган 120 депутаттан турган бир палаталуу парламент). Мамлекет башчысы кнессет тарабынан 7 жылдык мөөнөткө шайланган президент. Президенттин ыйгарым укуктары өкүлчүлүк мүнөздө (2000-жылдан М. Кацава). Аткаруу бийлиги өкмөткө таандык. Аны премьер-министр башкарат (2006-жылдан Э. Ольмерт). 2006-ж. түзүлгөн коалициялык өкмөттүн курамына «Кадима», «Ликуд», «Авода» партияларынын өкүлдөрү кирет. Саясий партиялары: «Авода» (Израиль эмгек партиясы), «Ликуд», «Кадима», «Сефарддар – Тораны сактоочулар», («Шас»), «Биздин үй – Израил», «МАФДАЛ» («Улуттук диний партия»), «Гиль», И. социал-демокр. солчул либералдык укук коргоо партиясы («Мерец») ж. б.
Табияты
. Жер Ортолук деңизди жээктей күрдүү топурактуу, дөбө-дөңсөөлүү кууш (жазылыгы 40 кмге чейин) түздүк жатып, ал чыгышта дүйнөдөгү эң терең – Гхор (Эль-Гор) тектон. ойдуңуна тепкичтенип тик түшкөн (1000 м ж-а андан да терең), бир аз күдүрлүү платого (орт. бийикт. 500–1000 м, өлкөнүн эң бийик жери

1208 м, Мерон чокусу ) өтөт. Платонун бети негизинен акиташ теги (мында карст процесси
өөрчүгөн), кумдук, базальт тектеринен түзүлгөн.
Ойдуң аркылуу Иордан д. агат; анда ачуу туздуу Жансыз деңиз (деңиз деңг. 418 м төмөн) жайгашкан. Жансыз деңиздеги таш туз, бромдуу калий, натрий туздарынан сырткары фосфорит,


кварцтуу кум, чопо, мрамор, жез, темир, чым көң, Негев чөлүндө нефть м-н газдын чакан кендери бар.
Климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик; түндүгүндө салыштырмалуу нымдуу, түштүгүндө ж-а ойдуңдарында жарым чөлдүү ж-а
чөлдүү. Жайы ысык (июль, августта 24–28°С,
Гхордо 36°Сге чейин), кышы жылуу (январда 6–15°С, Жансыз деңиздин түш.-батышында 18°Сге чейин). Абанын абс. макс. темп-расы 47°С (1998-ж. Иордан өрөөнүндө катталган). Кышкы минимум темп-ра түндүгүндөгү тоолордо 0°Сге
чейин төмөндөйт. Жылына Жансыз деңиздин
жээгинде, Гхор ойдуңунда, Негев чөлүндө 100– 200 мм, айрым жерлеринде 100 ммден аз, платолордо 600–800 мм, Жер Ортолук деңиз жээгиндеги түздүктөрдө 400–800 мм жаан-чачын (негизинен кышында) жаайт. И-дин аймагы агын сууларга жарды. Түн-чыгышында, Гхор ойдуңунда Иордан д-нын жогорку бөлүгү агат. Ойдуңда Жансыз деңизден сырткары тузсуз суунун өлкөдөгү эң ири булагы болгон Тивериади көлү (бети деңиз деңг. 209–213 м төмөн) жайгашкан. Дарыяларынын көбү жайында соолуп калат же агымы кескин азаят. Түштүгүндө (Негев чөлүндө) вадилер (кургак сайлар) кездешет. Булак, кудук суулары пайдаланылат; Эйлат ш-нда деңиз суусун тузсуздандыруучу станция иштейт. Пайдалануучу суунун 60%тен ашыгы сугатка кетет.
Күрөң, тоонун бозомук-күрөң, боз, түштүгүнө
чөлдүн боз-коңур топурактары мүнөздүү. Деңиз жээктериндеги түздүктөрдү негизинен айдоо жерлер (дан эгиндери, жашылча, бакча), цитрус өсүмдүктөрүнүн плантациялары, жүзүмзар ж. б. ээлейт. Платолордо ж-а жапыз тоолордо субтропиктик сейрек токой (палестина эмени, мүйүз дарак, мисте, европа ак чечеги ж. б.), экинчилик дарак-бадал өсүмдүктөрү (маквис, гаррига) кездешет. Токой өлкөнүн аймагынын 6%ин ээлейт; анда отургузулган ийне жалбырактуу токой (алеппо, калабрия, итальян мырза карагайлары; кедр, кипарис), түштүгүндө эвкалипт ба-

сымдуу. Түштүгүн Негев, Халуца чөлдөрү ж-а жарым чөлдөр (таштак чөлдөр, баялыш жамаатташтыгы, галофит шалбаасы ж. б.) ээлейт. Коргоого алынган табигый аймактын аянты 397 миң га. Хайфа ш-нын чет-жакасында ири улуттук парк – Хар-Кармель биосфера резерваты жайгашкан. Неот-Кедумим коругунда библия мезгилине мүнөздүү өсүмдүктөр калыбына келтирилген.
Калкынын
76%тен ашыгын еврейлер, 20%тен ашыгын арабдар түзөт. Башка этностук ж-а этноконфессиялык топтор – 3,7%, аларга – друздар, армяндар, адигелер («черкестер») ж. б. кирет. 21-к-дын башынан еврей калкынын кыскаруу (2000–05-ж. 1,8 %ке), ал эми арабдардын көбөйүү (1,1%ке) тенденциясы байкалууда. И. мамлекет катары жарыялангандан 2007-ж.
чейин калкы 8,5 эседен ашык көбөйгөн. 1948– 2005-ж-да калктын көбөйүүсүндөгү табигый өсүүнүн үлүшү 60,7% мигранттардын үлүшү 39,3% болгон. 2005-ж. Россия ж-а КМШ өлкөлөрүнөн келген еврейлер 1175,4 миңди (И-дин калкынын 17%тен ашыгы) түзгөн. Ошол эле учурда сыртка көчүп кеткен еврейлердин саны да арбын (1948–83-ж. И-ден 700 миңден ашуун еврей АКШга кеткен). Жыштыгы 1 км2 жерге 330дай адам. Курактык курамы: 15 жашка чейинкилер – 21,1%, 14–65 жаштагылар – 64,15%,


65 жаштан өткөндөр – 9,75% (2007). Еврейлер иудаизм, арабдар ислам, армяндар христиан динин тутат. Шаар калкы 93,6% (2006). Ири шаарлары (2007): Тель-Авив (калкы агломерациясы м-н 3,2 млн), Хайфа (1,2 млн), Иерусалим (1,3 млн), Ашдод (204,4 миң), Беэр-Шева (185,8 миң), Нетанья (174,0 миң), Ашкелон (107,9 миң).
Тарыхы
. Палестинаны араб ж-а еврей мамлекеттерине бөлүү ж-дөгү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын резолюциясы жарыялангандан (1947-ж. 29-ноябрь) кийин Палестинада согуш аракеттери башталган. Эмигрант еврей жамааттарынын ишув аталган куралдуу бөлүктөрү араб мамлекетинин курамына кире турган жерлерге да өз көзөмөлүн орноткон. Палестина аймагынын бир бөлүгүндө 1948-ж. 14-майда И. мамлекетинин көз каранды эместигинин декларациясы жарыяланган. Араб өлкөлөрү бул чечимге каршы чыгып, И-ге каршы согуштук аракеттерди баштаган. 1948–49-ж. согуштун жүрүшүндө И. БУУнун чечими м-н Араб мамлекетине берилүүчү аймактын бөлүгүн ж-а Иерусалимдин батышын кошуп алган. Палестинада араб мамлекетин түзүү ж-а Иерусалимге өзгөчө статус берүү чечими үзгүлтүккө учураган. 1956-ж. И. Улуу Британия ж-а Франция м-н Египетке каршы агрессияга катышкан. Араб-израиль согушунун жыйынтыгында И. 1967-ж. июнь айында Иордан д-нын сол жээгин ж-а Чыгыш Иерусалимди, о. эле Голан дөңсөөсүн ж-а Синай ж. а-н басып алган. 1982-ж. июнда И. аскерлери Ливанга кирип, Бейруттагы Палестинаны бошотуу уюмунун куралдуу күчтөрүн ж-а штабквартирасын чыгарып жиберүүгө жетишкен. 20-к-дын 70-жылдарынын орто ченинде арабизраиль чыр-чатактарын тынчтык жолу м-н жөнгө салуу иштери жүргүзүлүп, 1977-ж. алгачкы жолу израиль-араб мамилелеринин тарыхында Египеттин президенти А. Садат И-ге келет. 1978-ж. АКШнын кийлигишүүсү м-н И. ж-а Египеттин ортосунда Кэмп-Девид макулдашуусу түзүлүп, 1979-ж. алардын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлат. 1982-ж. И. Египетке Синай ж. а-н кайтарып берген.
1992-ж. башында И. Рабин турган И. «Эмгек партиясынын» («Авода») бийликке келиши

м-н Ж. Чыгыштагы тынчтык процесси бир топ жөнгө салынган. 1993-ж. Вашингтонгдо Израилдик-палестиналык декларацияга, 1994-ж. Газа ж-а Иерохон б-ча макулдашууга кол коюлган. 1994-ж. И. м-н Иорданиянын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн. Сирия ж-а Ливан сүйлөшүүлөрү да бир кыйла ийгиликтүү жүргүзүлөт. Бирок, 1995-ж. премьер-министр И. Рабиндин
өлтүрүлүшүнөн кийин, бийликке Б. Нетаньяхунун келиши м-н тынчтык процесси кайрадан кризиске учурайт. И. палестиналыктар келишимдин шарттарын аткарбай жатат деген кине коюп, сүйлөшүүлөрдү токтотот.
1999-ж. Эмгек партиясынын лидери Э. Барактын бийликке келиши м-н тынчтык сүйлөшүүлөр кайрадан жанданган. 2000-ж. И. Түш. Ливандан аскерлерин чыгарып кеткен. Бирок бул иш-чаралар аймактагы абалды турукташтыра алган жок. Ошол эле жылы Э. Барак отставкага кетерин жарыялайт. И. м-н Палестинанын ортосунда чыр-чатак күч алып, палестиналык экстремисттердин аракеттери күч алат. Аларга каршы израилдиктер катуу чараларды көрүп, натыйжада көп адам курман болот.
И-дин премьер-министри А. Шарон м-н
Я. Арафаттын ордуна бийликке келген М. Аббас согушту токтотуу ж-а аймактагы абалды турукташтырууга багытталган келишимге (2005) кол коюшкан. И. үчүн АКШ м-н бир катар макулдашуулар ж-а меморандумдар м-н бекемделген «стратегиялык союз» түзүшү маанилүү ролду ойнойт. И. АКШдан жыл сайын 3 млрд долларга жакын жардам алып турат, анын ири бөлүгү аскердик керектөөлөргө жумшалат. Мындан тышкары, И. Европа өлкөлөрү, о. эле Түркия, Индия, Кытай, Россия, араб-мусулман
өлкөлөрүнөн – Египет, Иордания ж-а Мавритания м-н кызматташтыгы өнүгүүдө.
Экономикасы
. И. өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. ИДПси 2006-ж. 170,3 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бөлүштүргөндө 26,8 миң доллардан туура келет. И. дүйнөдө алдыңкы технологиясы, компьютердик программаларды түзүү, байланыш системасы, агр. индустриясы, алмазга кыр чыгаруу б-ча алдыңкы орундардын бирин ээлейт. О. эле метталл иштетүү, машина куруу (авиа ж-а кеме куруу кошо, а. и.
аскердик), электр-техника, химия ө. ж. тармактары, а. ч. өнүккөн. Өлкөдө өнүккөн ил.-тех. комплекс түзүлгөн; экономикада иштеген 10 миң адамдын 135и илимпоз ж-а инженер (бул көрсөткүч АКШда 70, Германияда 50). И. технол. даярдыгынын көрсөткүчү б-ча дүйнөдө (Швеция, Сингапурдан кийин) 3-, чыгармачыл потенциалынын эконом. индексинин мааниси б-ча (АКШ, Финландия, Сингапурдан кийин) 4-орунду ээлейт. ИДПнин 75%и тейлөө чөйрөсүнө, 23%и ө. ж-на ж-а курулушка, 2%и айыл ж-а токой чарбаларына, балык уулоого таандык. И-дин экономикасында коргоо ө. ж. комплексинин мааниси зор; анда 60 миңге жакын адам иштейт, өлкөнүн товардык экспорт баасынын 20%тен ашыгын аскердик курал түзөт.
Өлкөнүн ИДПсинде ө. ж-нын үлүшү 18%ти
түзөт. Азыркы ө. ж-нын негизин илим сыйымдуу машина куруу (авиаракета, электрондук ж-а электр-тех., оптикалык аспаптар өндүрүшү ж. б.) ж-а химия (так химия, фармацевтика ж. б.) ө. ж. тармактары түзөт. Башка тармактарынын ичинен энергетика, тоо-кен, алмазга кыр чыгаруу, тамак-аш, жеңил ө. ж. өзгөчөлөнөт. И-дин отун-энергетикалык ресурстарга болгон муктаждыгынын 90%тен ашыгын импорт түзөт. 2005-ж. импорттолгон 13 млн т нефть ж-а нефть продуктуларынын 11 млн т сы
чийки нефть. Таш көмүргө болгон муктаждыгын (13,8 млн т) импорт толук камсыз кылат, аны негизинен ТАР, Колумбия, АКШ, Австралиядан сатып алат. Газ Жер Ортолук деңизден
өндүрүлөт (2005-ж. 1655 млн м3). Димондогу
Атом ил.-из. борборунда ядролук реакторго эксперимент жүргүзүлөт. Энергиянын альтернативалык булактарын, айрыкча күн энергиясын пайдаланууга аракет жасалууда (энергетиканын 2%ин түзмөкчү). И-деги турак жайлардын көбү күн бойлери м-н жарык кылынат. Негев чөлүндө Күн энергиясын ө. ж-лык пайдалануу үчүн атайын курулмалар иштейт. Бир нече эксперименттик толкун электр станциясы шамал энергиясы курулмасы бар. 2005-ж. 48,4 млрд кВт.с
электр энергиясы өндүрүлгөн. Металлургия ө. ж. ишканалары Италия, Түркия, Россия, Украинадан алган сырьёнун негизинде иштейт. Болот, тазаланган (рафинацияланган) коргошун ж-а жез эритүү ишканалары бар. Металл констр.
өндүрүшү коргоо ө. ж. комплексине ж-а курулуш индустриясына багытталган. Жалпы ж-а транспорттук машина куруу ө. ж. согуш куралдарын ж-а аскер техникаларын (танк, чабуул коюу үчүн курал, сооттолгон бульдозер, артиллерия ж-а атылма куралдар, а. и. «Узи» автоматы, «Галил» мылтыгы ж. б.), токардык станок, кран, бетон аралаштыргыч, экскаватор, газ турбинасын ж-а компрессорун, түрдүү тетиктерди ж. б. чыгарат; автобус ж-а жүк автомашиналарын жыйноочу, аскер жип автомашиналарын даярдоочу ишканалары бар. Авиаракета ө. ж. – коргоо ө. ж. комплексинин маанилүү тармактарынын бири (учкучсуз учуучу аппарат, оперативдүү-тактикалык ж-а тактикалык ракеталар); кеме куруу, а. и. аскер кемелерин куруу (башкарылма ракета куралы бар корвет, ракеталуу ж-а патруль катерлерди ж. б. чыгаруу) өнүккөн. Электрондук ж-а электр-тех. ө. ж. илимди көп талап кылган ж-а адистештирилген тармак болуп саналат. Бул тармактын ишканалары аскер ишине пайдаланылуучу электрондук, электрондук коопсуздук ж-а сапатты көзөмөлдөө системаларын даярдоого адистешкен. Оптикалык приборлор (а. и. электрондук оптика, лазердик техника) өнүгүүдө. И. – булаоптикалык байланыш линиясын, басма платасынын сапатын көзөмөлдөөчү электр-оптика системасын, түнкү көрсөтүүчү приборлорду, роботтоштурулган өндүрүштүк линияларды чыгаруу б-ча дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Мед. лазердик техника, радиол. диагностикалык жабдууларды, оптикалык электроника приборлорун
чыгаруу тез темп м-н өнүгүүдө. Сырткы рынокко компьютердик томогр. сканерлер, магнитрезонанстык графикалык система, ультраүн сканерлери, мед. ядролук камера ж. б. чыгарылат. Химия ж-а нефть ажыратуу ө. ж. – өлкөдөгү ири тармак. Анын негизги продукциясы: күйүүчү-майлоочу материалдар, поташ, бром, металл
түрүндөгү магний, каустикалык сода, кайнатма туз, минералдык жер семирткич, жасалма тоют, пластмасса, дары-дармек ж. б. Химия ө. ж-нын маанилүү борборлору: Хайфа, Беэр-Шева ж. б. Алмазга кыр чыгаруу өлкөнүн экономикасында маанилүү орунду ээлейт. 21-к-дын башында дүйнөлүк рынокко чыккан жылмаланган чакан таштардын, негизинен бриллианттын 80%ке жакыны И-ге таандык. Тамак-аш ө. ж-нын негизин мөмө-жемиш ж-а жашылча иштетүүчү, о. эле эт, сүт продукцияларын чыгаруучу ишканалар түзөт. Жеңил ө. ж-нын дүйнөлүк рынокко ийрилген жип, кездеме, булгаарынын ордуна жогорку сапаттагы модалуу тигилүү ж-а булгаары кийимдерди чыгарат; о. эле аскер кийимдерин тигет.
А. ч-нда 455 миң гадан ашык жери иштетилет, анын 50%и сугат жер. Негизинен жаңы технологияны ж-а агротехниканы ургаалдуу пайдалануудан агрардык продукциянын өлчөмү 8 эседен ашкан. И-де 20-к-дын 80-жылдарынын орто ченинде а. ч. өсүмдүктөрүн ж-а мөмө дарактарын тамчылатып сугаруу технологиясы иштелип чыккан. Кышында плёнка жаап жашылча өстүрүүнүн натыйжасында жылына эки жолу түшүм алынат. Ошондуктан И-дин ар бир фермери 52 адамды бага алат. Эң маанилүү а.ч.
өсүмдүктөрү: пахта, жер жаңгак, күн карама,
буудай. Мөмө дарактарынын эң көбүн алма, киви, манго, авокадо, банан, шабдаалы, курма

пальмасы, алмурут, өрүк, жүзүм, жаңгак-пекан, бадам түзөт. Негизги жашылча өсүмдүктөрү: картошка, помидор, бадыраң, калемпир, пияз. Цитрус өсүмдүктөрү (апельсин, грейпфрут, лимон), чеге гүл, атыр гүл, гладиолус өстүрүлөт. Бодо мал, кой ж-а эчки, о. эле үй куштары асыралат. Сүт саап алуу б-ча дүйнөдө (Нидерланд м-н кошо) алдыңкы орунда (жылына бир уйдан 11 миң кгга чейин сүт саап алынган). Жер Ортолук деңизден балык (сардина ж. б.) кармалып, көлмөлөрдө аны көбөйтөт.
2001–03-ж. И. экономикасы Палестина м-н куралдуу тирешүүгө, о. эле жогорку технология рыногундагы жагымсыз конъюнктурага байланыштуу кризиске дуушарланган. Экон. кризистен чыгаруу программасынын натыйжасында 2003-жылдын аягынан өлкөнүн чарбалык секторунда жандануу байкалган. Өнүгүү темпи б-ча И. батыш өлкөлөрүнүн ичинен АКШдан кийинки 2-орунга чыккан. Азык-түлүккө болгон муктаждыгынын 90%тен ашыгын өзү камсыз кылат. А. ч-га жарактуу жери 297 миң га (2004; өлкөнүн аянтынын 14,3%и), анын 222 миң гасы айдоо жер, 71 миң гасы цитрус өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиш бактарынын, гүл плантациялары, жүзүмзар ж. б. Сугат жери 194 миң га (2003); 1980-жылдардын ортосунан сууну
үнөмдөп (тамчылатып) сугаруу технологиясы
кеңири пайдаланылууда. Мал чарбасынын негизги тармактары: куш, сүт ж-а эт багытындагы мал асыроо. 2006-ж. ар бир уйдан орто эсеп м-н 10,5 т сүт саап алынган.
Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн экономикасынын ири сектору. А. и. финансылык тейлөө (банккредиттик система), камсыздандыруу бизнеси, ишкердик ж-а адистик жактан тейлөө (маркетинг, лизинг, инж.-консультациялык, башкаруу жаатында ж-а компьютердик кызмат көрсөтүү), кыймылсыз мүлк м-н операция жасоо,


мамл. тейлөө тез темп м-н өнүгүүдө; тейлөө
чөйрөсүндө чет элдик туризмден түшкөн киреше маанилүү орунда. Рекреациялык жактан тейлөө ж-а туризм секторунда ИДПнин 3%ке жакыны түзүлөт. Чет элдик туризмден түшкөн киреше 2,8 млрд долларды түзөт. 2005-ж. өлкөгө 1,9 млн чет элдик турист келген. Туризмдин башкы борборлору: Иерусалим, Вифлеем, Назарет, Хайфа, Тель-Авив, Эйлат, Жансыз деңиздин жээги.
И-де социалдык камсыздандыруунун ж-а саламаттыкты сактоонун өнүккөн системасы түзүлгөн.Калктынжашоодеңгээли(керектөөнү киши башына бөлүштүргөндө) 2004-ж. мурдагы эки жылга салыштырмалуу 3,5%ке өскөн. Орт. айлык акы 1539 долларды түзгөн. Балдардын
өлүмү башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла төмөн (жаңы төрөлгөн 1000 балага 5,4 бала). Адам өмүрүнүн орт. узактыгы: аялдардыкы 80,9, эркектердики 76,7 жаш.
Автомобиль жолунун уз. 17,6 миң км (2005).
Магистралдык шоссе жолдору деңиз бойлой түндүктөн түштүктү карай созулат; маанилүү автомагистралдары: Иерусалим – Тель-Авив, Ашдод – Ришон-Ле-Цион – Тель-Авив – Нетанья – Хайфа. Т. ж. тармагы (жалпы уз. 853 км; 2005) Негев, Газа ж-а Иерусалимди Тель-Авив, Хайфа ж-а өлкөнүн түндүгү м-н байланыштырат. Негизги деңиз порттору: Хайфа, Ашдод, Эйлат, Хадера. Ашкелон. Деңиз паромдору аркылуу эл аралык катнашы да бар, алар: Хайфа – Родос – Пирей (Грекия), Хайфа – Лимасол (Кипр). Эл аралык аэропорттору: Бен-Гурион атн. (Лода), Овда (Эйлат); Тель-Авив м-н Иерусалимдеги чакан аэропорттор ички рейстерди тейлейт. Магистралдык куур транспортунун уз. 896 км (2006), анын 442 кми нефть, 261 кми нефть продуктусу ж-а 193 кми газ куурлары.
2005-ж. экспорт 42,9 млрд, импорт 47,8 млрд
долларды түзгөн. Экспортко бриллиант, реэкспортко иштетилбеген алмаз, химия ө. ж-нын продукциялары, электрондук ж-а электр-тех. жабдуулар, көзөмөлдөө ж-а байкоо жүргүзүү
ө. ж. жабдуулары, мед. ж-а ил. из. жабдуулары, башка машиналар ж-а жабдуулар, о. эле а. ч. продукциялары, кийим, текстиль буюмдары чыгарылат. И. аскер куралдарын экспорттоо б-ча дүйнөдө 5-орунда (андан жылына 2,8 млрд доллар киреше түшөт). Импортун кыр чыгарылбаган алмаз, нефть продуктулары, хим. товарлар, күйүүчү-майлоочу материалдар, машина, жабдуу, аспаптар, курал-жабдыктар, буудай ж. б. түзөт. Негизги соода шериктери: АКШ, Бельгия, Германия, Улуу Британия, Гонконг (Сянган), Швейцария, Кытай.
Маданияты
. Билим берүү еврей коомчулугунда маанилүү орунду ээлеп келген. Калктын сабаттуулук деңгээли б-ча дүйнөдөгү эң алдыңкы
өлкөлөрдүн катарына кирет. И. мамлекети кабыл алган алгачкы мыйзамдарында эле 6–13 жаштагы бардык балдарга акысыз билим берүү ж-дө жарыяланган. Негизинен 5–6 жаштагы балдар үчүн бала бакчалар акысыз. Билим берүү системасында мамл., мамл.-диний ж-а диний мектептер бар ж-а балдардын 80%и мектепке
чейинки мекемелерге барат (2004). Мамл.-диний
мектептерде иудаизмди окутууга ж-а еврей салттарын сактоого айрыкча көңүл бурулат. Мамл. мектептерде кыздар ж-а балдар чогуу билим алса, диний мектептерде бөлөк окушат. Араб тарыхын ж-а мад-тын окутууга көп көңүл бурулган. И-де эл аралык кадыр-барктуу жогорку окуу жайлар бар. Мис., Иерусалимдеги Еврей ун-ти (1925-ж. негизделген), Технион технол. ин-ту (1924), Тель-Авив ун-ти (1956-ж. 3 ин-ттун базасында уюштурулган). Вейцман атн. химия, математика, физика ж-а табигый илимдер ил.- из. борбору Реховото ш-нда 1949-ж. негизделген. 2006-ж. 20 ЖОЖдо 75 миң студент окуган. И-де 500дөн ашык китепкана бар.
И-де 150гө жакын музей бар, эң ириси Иерусалимдеги И. музейи (1965-ж. негизделген), белгилүүлөрү: Тель-Авив көркөм сүрөт музейи (1932), Хайф антикалык иск-во музейи (1949) ж. б. Иврит тилиндеги алгачкы мезгилдүү басылмалар 1863-ж. Иерусалимде чыккан, 1869- жылдан Иерусалимде басма сөз үзгүлтүксүз чыгып турган. 2006-ж. И-де 40ка жакын күнүгө ж-а 1000ден ашык апта ж-а ай сайын чыгуучу гезит-журналдар болгон. «Гаарец» (иврит, англис тилдеринде, 75–95 миң нуска), «Едиот ахронот» (1939-жылдан иврит, англис тилдеринде, 300–750 миң нуска), «Джерузалем пост» (англис тилинде, 25–90 миң нуска) ж. б. Радио ук-
туруусу 1936-жылдан, телекөрсөтүү 1965-жылдан иштейт. Бир нече мамл. ж-а коммерциялык телекөрсөтүү ж-а радиоканалдар иштейт. И. Интернет-байланыш кызматы б-ча дүйнөдө 7-орунда турат.
Алгачкы иммигрант еврейлер өздөрү жашаган өлкөлөрдүн мад-тынын элементтерин ала келген. Ошондуктан И-де Борб. ж-а Чыгыш Европанын маданий салттары, кийинчерээк батыш ж-а амер. мад-ттын таасири байкалат. И. ад-ты негизинен иврит тилинде өнүгүүдө. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү Нобель сыйл. лауреаты Ш. Агнон (1888–1970), А. Бараша (1889–1957)
ж-а акындар А. Шлёнский (1900–73), Л. Гольдберг (1911–70) ж. б. 1980-жылдарда айрыкча А. Б. Иехошуанын «Мырза Мани» (1990) романы, А. Оздун өлкөдөгү ар кыл маданий-этностук топтордун ичиндеги карама-каршылыктарды чагылдырган «Кара ящик» (1987) романы белгилүү болгон. Коомдогу диний маселелер Х. Беер, Х. Бат-Шахар, Х. Эстердин чыгармаларында, араб кыштагынын турмушу иврит тилинде араб христиан акыны А. Шаммастын
«Арабески» романында чагылдырылган.
И-де араб (Э. Хабиби), идиш (Т. Фейзельбаум, В. Чернин) ж-а орус тилиндериндеги ( И. Губерман, Д. Рубина, А. Горенко ж. б.) ад-т өнүгүүдө.
Өлкөнүн аймагында ар кыл мезгилдерге таандык арх-ра ж-а иск-во эстеликтери сакталып калган. Алсак, Галилеядагы жертөлөлөр (б. з. ч. 10–8-миң жылдыктар), эрте неолит доорунун таш курулуштары, Бейсандагы энеолиттик шаар калдыктары, Израиль ж-а Иудей па-

дышалыктарынын мезгилине, Ашкелон, Бейсан, Иерусалим, Кесариядагы Рим дооруна мүнөздүү эстеликтер (б. з. ч. 1-к. – б. з. ч. 4-к.). О. эле, байыркы синагог алардын калдыктары, эрте христиан ж-а византия мезгилине таандык – Вифлеемдеги Рождество храмы, Иерусалимдеги Кудайдын табыты храмы о. эле, Бет- Альфа, Табгадагы эстеликтер белгилүү. Арабдар басып алган мезгилге таандык Хирбет аль- Мафджар ак сарайы (8-к.), кресттүүлөр доорундагы (11–13-к.) эстеликтер ж. б. сакталып калган. 19-к-дын аяк ченинде эммиграциянын күчөшү м-н Европа ж-а Америка өлкөлөрүнүн таасири арх-ра, мад-т жаатында таасын байкалат. Тель-Авив ш. (1909-ж. негизделген) шотландиялык арх. П. Геддестин планы м-н курулган. 20-к-дагы христиан храмдары итал. арх. А. Барлуцци (Фавор тоосундагы Преображения храмы), германиялык Ж. Муцио (Назареттеги

чиркөө) ж. б. арх-лор тарабынан тургузулган. 20-к-дын 2-жарымында Тель-Авивде Ф. Манндын Концерттик залы (З. ж-а Я. Рехтер, Д. Карми, М. Зархи), «Бейлинсон госпиталы (А. Шарон, Б. Идельсон), 36 кабаттуу «Шалом» соода имараты (И. Яшар, Эйтан) ж. б. курулган. 1950-ж. комп. мектеби ж-а аткаруу чеберчилиги өнүгө баштаган. 1948-ж. И. филармониясы ачылып, ага караштуу камералык «Рамат- Ган» оркестри, Хайфа симф. оркестри, улуттук опера театры, 1950-ж. «Инбал» муз. театры уюштурулат. 1958-жылдан Тель-Авивде И. улуттук театры иштейт. И-дин биринчи толук метраждуу көркөм фильми («Убактылуу элдешүү», реж. А. Амар) 1950-ж. тартылган. Тел-Авивде эки, Иерусалимде бир киностудия иштейт.
Ад.: Государство Израиль. Справочник. М., 1986; Федорченко А. В. Израиль: проблемы экономического развития. М., 1990: Симановский С. И., Стрепетова М. П. Израиль. М., 1995; Зарецкая З. Феномон израильского театра. Иерусалим, 1997; Федорченко А. В. Экономика переселенческого обшества (израильская модель). М., 1998; Крюков А. А. Израиль сегодня. Страноведческий словарь-справочник. М., 2000; Краткая еврейская энциклопедия В. 10 т. Иерусалим; М., 1996–2001; Звягельская И. Д., Карасова Т. А., Федорченко А. В. Государство Израиль. М., 2005, Израиль // Большая Российская энциклопедия. Т. 10. М., 2008.
Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.