ИЗУМРУД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗУМРУ́Д , з у м у р у т – минерал; бериллдин бир түрү. Мөлтүр тунук келип, өңү ачык жа­шыл. Кристалл түрүндө. Плагиоклазиттердин сырткы контакттарында, тальктуу сланецтерде, пегматиттерде, кальцит жана кварц тарамда­рында кезигет. Изумруд – кымбат баалуу, 1-класста­гы асыл таш (к. Асыл жана кооз таштар). Ту­нук, кемтиксиз, күңүрт жашыл. Изумруд алмаздан кымбат бааланат. Изумруд жасалма жол менен да алы­нат, бирок алар көбүнчө жаракалуу келип, өлчөмү 0,5Ч3 смден ашпайт. Зергерлер кээде жашыл корундду чыгыш изумруду деп аташат.