ИЙГИЧ МАШИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙГИЧ МАШИ́НА – түрдүү формадагы (такта, профиль, түтүк) сом темирлерди басым астында ийүүчү машина. Негизги түрүнө горизонталдуу, вертикалдуу жана ротациялык ийгич машиналар кирет. Г о р и з о н т а л д у у ийгич машина (жумушчу куралы горизонталдуу кыймылдайт) сом темир чы­быктарды ысык кезинде штамптоого арнал­ган. В е р т и к а л д у у ийгич машина (жумушчу куралы вертикаль түрүндө жылат) бычак, ил­мек жана кескичтердин сом темирлерин (бир жолу ысытылат), ошондой эле, башка ири буюмдар – жүргүч винт жана балтанын сом темирлерин ысытуу (бир нече жолу) менен ийет. Бул машинада ийүү, со­зуу, кысуу, жатыктыруу жана башка операциялар удаа аткарылат. Ротациялык ийгич машина (жумушчу орга­ны курал менен чогуу айланат) айлануучу форма­дагы буюмду кысуу жана созуу үчүн арналган. Ал эки түрдө болот: алкагы кыймылсыз, ал эми шпиндели айлануучу жана шпиндели кыймыл­сыз, алкагы айлануучу. Ийүүчү валдары темир ийүүчү машина менен прокат станынын ортосун­дагы абалды ээлейт. Штамптоочу машинага караганда өндүрүмдүүлүгү 10 эсе жогору. Гори­зонталь ийгич машина өндүрүмдүү жана универсалдуу бо­луп, ар кандай татаал формадагы жана өтө так өлчөмдөгү сом темирлерди жасайт. Универсал ийгич машинанын 3 жана 4 валдуу (ротациялык), роликтүү,айланма траферстүү жана айланма үлгүлүү (рычагдуу) түрлөрү болот. 3 же 4 валдуу маши­на такта формадагы сом темирлерди – цилиндр, конус жана жаа сымал элементтерди ийүү үчүн колдонулат. Роликтүү машина профилдүү сом темирлерди – шакек жана жаа түрүндөгү тетиктерди, ал эми айланма траферстүү машина – такта формасындагы сом темирден тартып, ки­чине радиустуу иймекчелерди ийет. Үлгүсү бар (рычагдуу) ийгич машинада бурулма стол же үлгү жана бекитилген кыскыч ролик болот. Ийгич машина кеме ку­рууда, химия жана нефть өнөр жайында, машина ку­рууда колдонулат.