ИЙИК
ИЙИК – 1) жүн, кебез, жибек, ар кандай буладан жип ийрүүгө ылайыкталган курал. Сабы кургатылган табылгы же талдан бир жагы ичкерээк жасалып, уз. 30–35 см, жоондугу 7–10 мм

болот. И-тин башы таштан, коргошундан жалпак же тегерек жасалат да, ортосу көзөлүп, саптын жоонурак учуна бекем кийгизилет. Сапт ын жогору учу (буйласы) көзөлүп, ага ичке чий ө т кө рүл өт . Жипти керегине ылайыктап ичке, жоон кылып ийришкен. Ийрилген жип И. баштын астына түрүлө берип, муштумдай болгондо, саптын ичке жагынан чыгарылат. Ал бир баш алмай жип деп аталган; 2) текстиль ө. ж-нда жипти ийрүүчү, челдөөчү, чыйратуучу машиналардын жиптерди түрмөккө, чыгырыкка түрүүгө ылайыкталган негизги тетиги. И-түү машина 18-к-дын 2-жарымында колдонула баштаган. Табигый (пахта, жүн, зыгыр ж. б.) ж-а хим. булалар үчүн колдонулуучу И-тер болот. Өндүрүштө килем, аркан, көтөрмө ж. б. жасоо үчүн жоон жипти экиден чыйратуучу И. колдонулат. Бул И. жөнөкөйлөрүнө караганда эки эсе өндүрүмдүү, бирок түзүлүшү татаал.