ИЙИЛҮҮ
ИЙИЛҮҮ м а т е р и а л д а р к а р ш ы л ыг ы н д а – сырткы күчтүн же температуранын таасири менен огунун же деформациялануучу объекттердин (устун, такта, кабык жана башкалар) бетинин орто жеринин ийилүүсүн мүнөздөөчү деформациянын түрү. Ийилүү деформациялануучу түз бетке карата жөнөкөй жана жалпак – сырткы күч беттин негизги тегиздиктеринин биринде жатат; татаал – ар кандай тегиздикте жаткан күчтөрдүн таасири астында пайда болот; кыйшык – татаал ийилүүнүн бир түрү. Күчтөрдүн ийилүүчү элементтин туура кесилиш тарабына таасир этишинен таза (жалаң ийүүчү моменттер болгондо) жана тууралык ийилүү (ошондой эле, тууралык күчтөр таасир эткенде) пайда болот. Инженердик тажрыйбада узата (узунунан таасир этүүчү күчтөрдүн аркасында өзөктүн – стержендин көөп кетиши) ж-а узунтуура (бир эле убакта өзөктүн огу б-ча ж-а ага перпендикулярдуу) таасир эткен ийилүү колдонулат.