ИЙКЕМ ТҮТҮК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙКЕМ ТҮТҮК – суюк жана илээшкек затты жана газды берүүчү буюм. Ал резина, резина ара­лаштырылган кездеме, пластмасса жана башка мате­риалдан жасалат. Конструкциясына жана иштешине жараша ийкем түтүк – басым менен иштөөчү жана соруучу болуп бөлүнөт. Ийкем түтүктүн айрым түрлөрүн ба­сым менен бергич жана соргуч катары да колдонсо болот.