ИЙЛӨӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙЛӨӨ т е р и - м е х ө н д ү р ү ш ү н д ө – малдын терисин буюм жасалуучу териге айлан­дыруу. Ийлөө ар түрдүү ийлегич заттардын жарда­мы менен ишке ашырылат. Ийлөөдө тери кылдары­нын арасындагы суу чыгарылып, кылдар бири­бири менен жабышат. Өсүмдүктүн жардамы менен ийлөө. – эң байыркы, кеңири таралган ыкма. Мын­да тери өсүмдүк кабыгынан жана тамырынан жа­салган ийлегич экстрактта, ал эми минералдык ыкмада – минерал туздардын эритмесинде чы­ланат. Бул процессте тери тез ийленет, негизи­нен жука терилер иштетилет. Май менен ийлөөдө ба­лык жана башка жаныбарлардын майы пайдаланы­лат. Ошондой эле синтездик ийлегич заттар кеңири таралган. Ийлөө кыргыздарда илгертеден эле колдо­нулган. Майда жандык (кой, эчки), кайберен (аркар, теке, кулжа) терилери колго ийленип, ал эми бодо мал (топоз, уй, төө) жана бугунун терилери талкууга салынган. Ийлөө ыкмасы менен кайыш, көк, булгаары жана башкалар даярдалып, чанач, сабаа жана кийим-кечектер (тебетей, жака, тон, ичик, кандагай шым, жаргак шым) тигилген.