ИЙНЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙНЕ – кийим-кече, ар түрдүү кездеме жана ки­йиз буюмдарды тигүүдө, сайма саюуда, өтүк-маа­сы ултарууда колдонулуучу тиричилик куралы. Алгач ийненин эки гана түрү (кол ийне, темене) бол­гон. Ийне түз жана ийилген, узун жана кыска, жоон жана ичке формада жасалат. Учурда техниканын өнүгүшүнө байланыштуу ийненин түрү көбөйүп, өнөр жай өндүрүшүндө кеңири колдонулат.