ИЙНЕЛИКТЕР
ИЙНЕЛИКТЕР (Odonata) – курт-кумурскалардын түркүмү. И-дин денеси баш-көкүрөк, курсак бөлүктөн турат. Азыркы И-дин дене уз. 1,4 – 120 мм. Башынын көп бөлүгүн фасеттүү чоң көз-
дөрү ээлейт. Муруттары кыска.

Тунук, торчолуу, кош жаргак канаттарынын уз. 10–95 мм, 3 жуп буту көкүрөгүндө жайгашкан. Башка курт-кумурскалардан айырмаланып, жонунан курсагын карай кеткен канат булчуңу ж-а эркегинин экинчилик кошулуу (копуляциялык) аппараты болот. Жумурткасын суунун түбүндөгү топуракка ж-а өсүмдүккө таштайт, личинкалары сууда өөрчүйт, сырткы бакалоору же арткы ичегисиндеги өсүндүсү м-н дем алат. Жетилген И. жакшы учат, жырткычтар, азыгын учуп баратып кармап жейт. И. курт-кумурска ж-а алардын л ичи нкалары м-н азыктанып, пайда келтирет, о. эле балыктарга жем. Жер бетинде И-дин 3 түркүмчөсү, 4500дөй түрү көбүнчө нымдуу тропикте ж-а субтропикте таралган. Кырг-нда 60тан ашуун түрү белгилүү.