ИЙНЕ ЖАЛБЫРАКТУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙНЕ ЖАЛБЫРАКТУУЛАР (Coniferales) – жылаңач уруктуу өсүмдүктөрдүн классчасы (Pinidae) же классы (Pinopsida). Дарак, кээде бадал, бийикт. 150 м, диаметри 6–10 мге (сек­войя) жетет да, кээ бири 4 миң жылга чейин өсөт. Алардын жалбырактары көп жылдык (да­йыма жашыл, кээде жалбырагын күбүмө), фор­масы ийнедей, айрымдарыныкы түрпүдөй. Өр­күнгө бирден же бир нечеден топтошуп жайгаш­кан. Жаш бутактын түп жагында аталык, уч жагында энелик тобурчактары болот. Аталык тобурчагынын микроспорофиллдеринин астың­кы бетинде микроспоралар (чаңчалар) өөрчүйт. Энелик тобурчагынын эки түрдүү мегаспорофилл­дери болот: сырткы тукумсуз, ал эми ичкисин­де эки урук-бүчүр калыптанат. Урук-бүчүрдөгү энелик клетка уруктангандан кийин 2–15 үлүш­түү түйүлдүк өөрчүйт. И. ж-дын уругунун сыр­ты катуу (сибирь кедри), кээде ширелүү жемиш сымал (тисс) же эттүү (арчалар) болот. Айрымда­рынын уруктарындагы канатчадай өсүндүлөрү алардын аба агымдары аркылуу таралышына жардам берет. Жер жүзүндө 560тай түрү, 55тей уруусу белгилүү, көбүнчө эки жарым шардын мелүүн алкагында өсөт; Евразия ж-а Түн. Амери­када ийне жалбырактуу токойду түзөт. КМШ өлкөлөрүндө 8 уруусунун 60тай түрү өсүп, жал­пы токой аянтынын 78%ин түзөт. Кырг-нда 3 тукумунун жапайы 14 түрү кездешет. Алардын көп түрү курулушта, кагаз-целлюлоза өндүрүүдө, кеме курууда, отун ж-а хим. заттарды алууда чоң роль ойнойт. Айрым И. ж-дын уругу же­лет, май алынат. Көпчүлүк И. ж. кооздук үчүн өстүрүлөт.