ИЙНЕ ТЕРИЛҮҮЛӨР
ИЙНЕ ТЕРИЛҮҮЛӨР (Echinodermata) – деңиз омурткасыз жаныбарларынын тиби. Уз. бир нече ммден 1 мге чейин, тукум курут болгондору 20 мге чейин жеткен. И. т. жылдыз (деңиз жылдыздары), гүл (деңиз лилиялары), тоголок (деңиз кирписи), курт же бадыраң (голотуриялар) ж. б. формада болот. Денеси ар кандай радиустагы бир нече бөлүккө бөлүнгөн. Эркин жашоочуларынын оозу курсак бөлүгүндө (оралдык), бөлүп чыгаруу жылчыгы жон жагында (аборалдык) болот. Бир нерсеге жабышып жашоочуларынын оозу, бөлүп чыгаруу жылчыгы бири бирине жакын ж-а дененин үстүнкү жагында жайгашкан. Скелетинде акиташ пластинкалары, алардан башка ийнечелери ж-а педицеллярийлери болот. Ийнечелер (өзгөчө деңиз жылдыздарыныкы 30 смге жетет) кыймылдоо милдетин аткарса, педицеллярийлер (деңиз жылдызында ж-а кирписинде) кыпчуур сыяктанып, коргонуу, денесин тазалоо кызматын аткарат. Нерв системасы оралдык нерв шакекчелеринен ж-а радикалдык нервдерден турат. Сезүү органдары начар өөрчүгөн. Ичегиси – түтүк же баштыкчадай. Кан жүрүү системасын курсак, жон шакекче тамырлары ж-а радиалдык тамырлар түзөт. Атайын бөлүп чыгаруу органы жок. Алар – жай кыймылдоочу, айрым жыныстуу деңиз жаныбарлары. Бардык И. т. жыныстык, кээ бирөө жыныссыз жол м-н көбөйөт. Жыныс продуктуларын сууга таштап, жумуртканын уруктанышы ж-а түйүлдүктүн өөрчүшү сууда метаморфоз жолу м-н өтөт. Көпчүлүгү жырткычтар, майда омурткасыздар, кээ бири суу өсүмдүктөрү м-н азыктанат. Деңиздин түрдүү тереңдигинде кездешет. Алардын 2 типчеге кирген 6 миңдей түрү көбүнчө ар кандай туздуулуктагы бардык океан, деңиздерде жээктен тартып 11 км тереңдикке чейин таралган. И. т. балык ж. б. жаныбарларга жем болот. Кытайда, Японияда И. т-дүн түрлөрү (голотурия, деңиз кирписи ж. б.) тамак катары пайдаланылат. Жер Ортолук деңиздеги деңиз кирпилеринин икрасы тамакка колдонулат. Сүрөтү 511-бетте.
