ИЙРИ-СУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙРИ-СУУ – Нарын р-нундагы кыштак. Чет- Нура айыл округуна караштуу. Нарын д-нын оң өйүзүндө, деңиз деңг. 2400 м бийиктикте жай­гашкан. Райондун борбору Нарын ш-нан 35 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 215 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 841 (2007); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, клуб, китепкана бар. Мончо, ФАП иштейт.