ИЙРИ СЫЗЫКТУУ КООРДИНАТАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙРИ СЫЗЫКТУУ КООРДИНАТАЛАР , Г а у с с к о о р д и н а т а л а р ы – мейкиндик­теги (же тегиздиктеги) координата сызыктары (u, v) ийри сызыктары болгон координата­лар. И. с. к-ды биринчи жолу голл. математик Я. Бернулли (1691) пайдаланган, бир жылдан кийин немис окумуштуусу Г. Лейбниц коорди­ната деп атаган. Мейкиндиктеги И. с. к-ды ж-а алардын аталышын фр. математик Г. Ламе (1833) киргизген. И. с. к. системасы – тик бурч­туу координаталар системасынын жалпы түрү. Бетке И. с. к-ды киргизүү дифференциал гео­метриясынын методдорунун жардамы м-н бет­тин геом. касиеттерин изилдөөгө мүмкүндүк тү­зөт, интегралдарды эсептөөнү жеңилдетет. Эгерде координата сызыктары D облусунун ар бир че­китинде өз ара перпендикулярдуу болсо, анда И. с. к. ортогоналдуу деп аталат. Ортогоналдуу­луктун зарыл ж-а жеткиликтүү шарты: (ek, e ) = 0, мында k ≠ m. Мейкиндикте бисфералы , бицилиндрдик ж-а тордук координаталар, ко­нустук, параболалык, сфералык, цилиндрлик, эллипстик координаталар ортогоналдуу И. с. к. болот, к. Координаталар.