ИКЕБАНА
ИКЕБА́НА (и к э б а н а) – япон жасалга-колдонмо искусствосунун түрү; гүл, өсүмдүктөрдөн турган композиция. Икебана искусствосу Жапонияга Түндүк Индиядан келген Шакьямуна Будданын сүрөтүн гүл менен кооздоодон келип чыккан. Жапонияда XV кылымдын ортосунан баштап кеңири тараган. Икебананын өркүндөшүнө буддизмге синтоикалык ишеним жана эстетикалык-философиялык көз караш таасир берген. Мезгилге ылайык гүлдөр тандалып, окуяга (майрам, туулган күн, жана башкалар) байланыштуу жана үй ээсинин көңүлүнө жараша жасалган.


Негизинен икебана чай ичүүчү бөлмөнүн, үйдүн дубалдагы оюгуна (токонома) коюлган. XX кылымда икебананын салттуу эстетикасын Икебана искусствосунун чебери Унсин Охара кайрадан иштеп чыккан. Ал 1910-жылдын башында морибан (иретсиз топтолгон гүлдөр) стилине негиз салган. Анда композиция тигинен узун, бийик эмес жалпак идиштерге жайгаштырылат. Өсүмдүктөрдү бекитиш үчүн металл тосмолуу цилиндр (сишю), кийинчерээк темир төөнөгүчтөр (кендзана) колдонулган. 1930-жылдарда дзэнэйбана (авангард стилиндеги гүлдөр) багыты өнүккөн. Анда солуган жана кургаган өсүмдүктөрдүн кооздугу ачылган; тропикалык өсүмдүктөр, куштун канаттары, темир, пластмасса, ийрилген жип, бактын бутактары, чырпыктары, жалбырактары жана башкалар колдонула баштаган. XXI кылымдын башында Жапонияда икебананын 3 миңге жакын мектеби болгон. Заманбап икебана искусствосунда модерндик айкелдин, авангарддык инсталляциянын, абстракциялык дизайндын таасири байкалат.
Ад.: Пронников В. Икэбана, или Вселен н а я, з ап е ч ат - ленная в цветке. М., 1985; Николаенко Н. Икэбана. М., 2005.