ИКОНА
ИКО́НА (грекче eiko′n – сүрө т, образ) – христиан динин туткандар, асыресе православныйлар ыйык санап сыйынган сүрөт; диний живопистин станоктук чыгармасы (к. Икона тартуу). Биздин замандын II кылымында пайда болуп, IV кылымда калыптанган. Адатта икона христиан кудайынын (Иисус Христос) же ыйыктарынын символдук түрдө элестүү тартылышы болуп саналат. Иконанын сюжети менен композициясы катуу канондоштурулган (эрежелештирип кабыл алынган) үлгүлөрдү сактап калышы үчүн чиркөө иконасын тартуучуларды атайын «түп нускалар» менен жабдып турушкан. Алар «беттик» жана «түшүндүрмө» түп нускалар болуп бөлүнөт. Иконанын борбордук ири сүрөттөлүшүн көп сандагы майда сүрөттөөлөр коштоп жүрөт. Икона адатта жыгач тактанын бетине левкастын үстүнөн жумуртка кошулган боёктор менен тартылган. Сүрөттүн жалпы көрүнүшүн жана анын башка бөлүктөрүн көп учурда ныгырып оюу түшүрүлгөн жука металл барактарына бекитилген басма жаап турган (XVI кылымда кеңири тараган). Икона башка диндерде (ламаизм жана башка) да бар.


Ад.: Успенский Л. А. Богословие иконы Православной церкви. Переславль; М., 1997.