ИЛБИРС
ИЛБИРС (Uncia, uncia) – мышык сымалдар тукумундагы сүт эмүүчү. Денесинин уз. 103–130 см, куйругунун уз. 80–103 см, салм. 75 кгга жетет. Кулагы кичине, тырмагы курч, буту кыска. Жыш жүнү сары-кара темгил тактуу. Кырг-ндын тоолорунда Борб. Азиянын Теңир-Тоо, Памир, Алай тоолорунун кыркаларында кенен таралган. Аскалуу зоолордо жашайт. И. дабышсыз, ылдам, шамдагай жүрөт. Өтө сак жаныбар, ал оңой олтоң көрүнбөйт. Негизинен тоо теке, коён, суур ж. б. м-н азыктанат. Анын экологиясын, биологиясын билген мергенчилер аз, мындай адамдар И-тин кылык-жоругун билүү үчүн ага жыл бою көз салуусу керек. И. кармоочулар чоңдору н к апк ан м-н к армашып, бал дарын үңкүрлөрдөн алышат.

И-тин кууту февраль – март айларында жүрөт. 3–4 жашында жетилет, 95–105 күндөй көтөрүп, аскалардын жапалак арча, бадал м-н капталган үңкүрлөрдө май айында 2–3 баласын тууйт, алардын салм. 350– 400 гга чейин жетет. Бул түрдүн саны жылдан жылга азаюуда, ошондуктан өкмөт тарабынан 1959-жылдан тартып корукка алынып, уруксатсыз атууга, кармоого тыюу салынган. 1975-жылдан корукка алынып, ТКЭСтин ж-а Кырг-ндын Кызыл китебинин тизмесине киргизилген.