ИЛБЭЭСИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛБЭЭСИН – эт, мамык алынуучу жапайы куш­тардын жалпы аты, аңчылык объектиси. Жашаган жерине жараша токой (кара кур, ак чил ж. б.), талаа (боз чил, бөдөнө, кыргоол, тоодак, безбелдек ж. б.), саз (эчки маарак ж. б.), суучул (өрдөк, каз ж. б.), тоо (улар, кекилик ж. б.) И-дери болуп бөлүнөт. КМШ өлкөлө­рүндө И-дин 170 түрү (13 түркүмгө биригет) бар. Кырг-ндагы эң маанилүү И-дер: каз, өрдөк, улар, кекилик, чил, кереңкур, бөдөнө, кыргоол ж. б. Өлкөдө токой ж-а дың жерди өздөштүрүү, саздак жерди кургатуу, а. ч-н химиялашты­руу ж. б-га байланыштуу И-дердин саны аза-


йып кеткендиктен, аларды көбөйтүү максатын­да коруктар уюшулган. Айрым И-дерди (кеки­лик, чил, кереңкур ж. б.) өстүрүүчү атайын фер­ма, питомниктер бар, к. Аңчылык, Аңчылык чар­басы.


Ад.: Птицы Советского Союза. Т. И-6. М., 1951– 54; Птицы СССР. М., 1982; Шукуров Э. Д. Птицы Киргизии. Часть I, II. Ф., 1981.