ИЛИМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛИМ – адамзат ишмердигинин чындык ж-дөгү объективдүү билимдерди иштеп чыгуу ж-а теор. жактан системалаштыруу милдетин аткарган чөйрө; коомдук аң-сезимдин бир формасы; дүйнө ж-дөгү билимдердин өзгөчө тутуму; социалдык ин-ттардын бири. И. миф, дин ж-а аң-сезимден айырмаланып, дүйнөнүн өзүнчө элесин (сүрөтүн, сыпатын) түзөт. И-дин башкы максаты – бол­муштагы кубулуш, процесстердин табиятын ачып-аныкташ, сыпатташ, түшүндүрүш, алдын­ала көргөзүш. И. практикага таянып, аны м-н тыгыз байланышта өнүгөт. Бирок, адам иш-ара­кеттеринин бөтөнчө түрү, чөйрөсү болгон прак­тика билимди өз мүдөсүнө ылайык курал ката­ры пайдаланса, И-де билим – иштин максаты, натыйжасы. И-дин көздөгөнү – жаңы билимге жетиш. Иск-во элеске (образга), дин ишенимге таянса, И. термин, түшүнүк, категория, теория, эксперимент, мыйзамга негизделет. Ил. билим­дин алгачкы белгилери байыркы Чыгышта (Шу­мер, Египет, Кытай, Индия) пайда болгону м-н өз алдынча ишмердик, коомдук турмуштун бир чөйрөсү катары И. байыркы Грекияда б. з. ч. 6-к-да түптөлгөн. Билим практиканын же ри­туалдын ажырагыс бөлүгү эмес, өзүнчө маани­мазмуну бар нерсе катары өнүгө баштаган. Аде­генде далилдүү, ойлонулган билимдердин баа­ры биригип, чогуу болуп, «философия» аталып, бара-бара жиктелип, ажырап, өз-өзүнчө нукка түшкөн. Жаңы коомдук мезгилде Европада И. өзгөчө бааланып, 17-к-да көптөгөн ил. төң­көрүштөр жүзөгө ашкан. Бара-бара И. коомдун өнүгүшүнүн эбегейсиз кубаттуу негизине айлан­ды. Тарых жолунда ил. билимдер топтолуп оту­руп, жаңырат, иргелет, кайра куралат. И-дин


орчундуу өзгөрүшү, анын түпкү жол-жоболору, мыйзамдары, алдыңкы сапаттагы теория, ой­лоо стили, өзөктүү категорияларынын жаңы­ланышы, алмашышы, байышы м-н байланыш­кан. И. тарыхында билимдердин жиктелиши, бутактап ажырашы ж-а кошулушу, биригиши эриш-аркак жүрүп келген. И. табигый, тех. ж-а коомдук мүнөзгө ээ. Айрым ил. изилдөөлөр дис­циплина аралык, комплекстүү негизде жүргү­зүлөт. И. фундаменталдык ж-а колдонмо болуп бөлүнөт: биринчилери дүйнөлүк мыйзам ченем­дерин ачууну көздөсө, экинчилери жаңы билим­дерди практикада колдонууну жүзөгө ашырат. Ил. билимдер теор. ж-а эмпириялык деңгээлге ажыратылат. И-дин өзүнө мүнөздүү филос. ж-а методол. маселелери болот. Ал эми И-ди ар та­раптан изилдеген тармак И. таануу деп аталат. И-дин адам, коом турмушундагы орду чоң, кызматы көп кырдуу, бай. И-дин барк-баасын аныктоодо сциентизм ж-а антисциентизм багыт­тары калыптанган. Негизинен цивилизациянын өнүгүшүн И-сиз элестетүү мүмкүн эмес.


Ж. Бөкөшов.