ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ КЫРКА ТООСУ Памирде меридиан багытында созулуп жатат. Уз. 110 кмдей. Эң бийик жери 7495 м (Комму­низм чокусу). Палеозойдун чөкмө ж-а мета­морфизмделген тоо тектеринен, чанда гранит­тен турат. Кыр жагына альп рельефи мүнөздүү. Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 660 км2ге жетет. Ири мөңгүлөрү Федченко, Гармо ж. б. Ланд­шафты гляциалдык-нивалдык ж-а субнивал­дык. Кырка тоону Н. Л. Корженевский алгачкы жолу изилдеген. 1927-ж. СССР ИАнын наамы­нан аталган.