ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛЛЮСТРА́ЦИЯ (лат. illustratio – чагылды­руу, көрсөтмөлүү сүрөттөө) – 1) көрсөтмө мисал­дардын жардамы м-н түшүндүрүү; 2) текстти кош­тогон ж-а толуктаган сүрөт (чийме, гравюра, реп­родукция, карта, схема ж. б.); 3) адабий ж-а ил. чыгармаларды көркөм сүрөт м-н баяндаган иск-во тармагы. Гезит-журналда да И. – көр­сөтмөлүү үгүт-насыят каражаты. Биринчи И. – байыркы кол жазмалардагы сүрөттөр, о. кылым­дагы миниатюралар. 15-к-дан басма китептер адегенде жыгачка, кийин металл бетине түшү­рүлгөн гравюра м-н И-лана баштаган. И-нын жапырт таралышына 19-к-да жыгач бетине оюлуп жасалчу гравюранын, литографиянын, айрыкча фотомеханикалык сүрөттүн (репродук­циянын) чыгарылышы өбөлгө болду. И. б-ча көптөгөн залкар живописчилер ж-а графиктер эмгектенген. Мис., Германияда Х. Хольбейн, А. Дюрер, А. Менцель; Францияда О. Фраго­нар, Э. Делакруа, Т. Стейнлен; АКШда Р. Кент; Россияда Ф. П. Толстой, А. А. Агин, В. Ф. Ти­лем, И. Е. Репин, М. А. Врубель ж. б. СССРде

Б. Жумабаев. С. Ка­ралаевдин «Тулпар­лар» китебине иллю­страция. 1966.


Ю. Ким. Н. Филип­повичтин «Жомок­тор кайд а жашы­нат» китебине ил­люстрация. 1975.
А.Касымалиев. М. Бор­бугуловдун «Кычы­бектин кызыгы» ки­тебине иллюс тра­ция. 1989.
У. Осмоев. К. Бек­теновдун «Өмүр жо­лу» китебине ил­люстрация. 2008.

1 9 2 0 - ж ы л д а р ы И-да ксилография ө нү к к ө н, фот о­монтаждын жа­ралышы, плакат­т ын эл ем е нт те - ринин пайда бо­луш мезгили баш­талган. 1930 – 50-жылдары сов. мезгилдин И-сы ай р ым у чу р да (бурчтук же ка­рандаш сүрөтү, литография) станок графикасы­на жакындашкан. 20-к-дын ортосу ж-а 21-к­дын башында И-да көптөгөн белгилүү сүрөтчү­лөр Ю. А. Васнецов, С. В. Герасимов, Кукри­никсы, И. Е. Репин, М. А. Врубель ж. б. китеп И-лоонун чеберлери болгон. Кырг-нда китеп мад­ты 1950–60-жылдары өнүгө баштаган. Сүрөтчүлөр Л. Ильина, Н. Ефременко, А. Михалев, А. Ос­ташев, В. А. Фаворский, Б. Жумабаев, Т. Гер­цен, В. Рогачов, А. Сгибнев, Ю. Ким, А. Турум­беков, А. Шубин китеп графикасында үзүрлүү эмгектенишип, эпикалык ж-а балдарга арнал­ган чыгармаларды, кыргыз жазуучуларынын китептерин жогорку көркөмдүктө И-лашкан. 1980–2010-жылдарда китеп И-лоо ишине сүрөт­чүлөр С. Жамгырчиев, К. Коёналиев, Р. Иса­ков, З. Мидинова, Б. Жайчыбеков, А. Касыма­лиев, У. Осмоев ж. б. келишти.


Ад.: Гончаров А. Д. Художник и книга. М., 1964; Искусство книги. М., 1960–1987. Вып. 1–10; Худож­ники киргизской книги. Ф., 1972.