ИЛХАМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИЛХАМ – чыгармачылык дем, эргүү. Жазуучуда, өнөрпоздо турмуш көрүнүштөрүнүн таасирлеринен улам эргүү пайда болуп, ага психологиялык жактан чыгарма жаратпай коюуга болбой турган дем келет. Илхам искусство чеберлеринин баарына мүнөздүү көрүнүш, ал ошондой эле өндүрүштүн алдыңкыларында да, илимпоздор менен ойлоп табуучуларда да болот. Байыркы гректер илхамды канаттуу дулдул – Пегас менен белгилеген.