ИЛЬИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛЬИНА́ Лидия Александровна [14 (27). 2. 1915, азыркы Рязань обл., Михайлов ш. – 1994, Биш­кек] – график, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү (1963). Москва көркөм сүрөт ин-тун бүткөн (1939). Кырг-нда 1939-жылдан иш­теген.

И. – китеп ж-а ста­ноктук графика б-ча чет өл­көлөргө чейин маалым эмгек­тердин автору. Ал чыг-лы­гында түрдүү техниканы, ай­рыкча линогравюраны ж-а ксилографияны пайдалан­ган. 1950–60-жылдары Т. Сы­дыкбековдун «Биздин за­мандын кишилери», Б. Кер­бабаевдин «Чечүүчү кадам»,

М. Ауэзовдун «Абай» романдарын, Токтогул­дун чыгармаларын, У. Шекспирдин сонеттерин, Ч. Айтматовдун «Тоолор жана талаалар повест­тери» аттуу китептерин көркөмдөгөн. 1950-жыл­дардын ортосунда тарткан «Кыргыз аялдары жөнүндө сөз» линогравюра сериясы, «Бир туу­ган край» аттуу ксилография сериясы И-ны көрүнүктүү графиктердин катарына кошкон. Сүйүктүү темасы – аял, анын коомдогу ролу ж-а алдыңкы идеал үчүн күрөштөгү орду. Чыг-лы­гында жарандык ж-а ыймандуулук маселесин көтөрүү максатын көздөгөн. Буга анын «Дүйнө аялдары», «Катаал жылдар», «Бүгүнкү Кыргыз­стан», «Кыргызстан жаштары», «Энелик сезим» ж. б. сүрөттөрү ачык далил. Мыкты графика чыгармалары Америка, Япония, Австралия, Ан­глия, Франция, Канада, Югославия, Польша, ГДР, Мексика, Чехословакия, Финляндия ж-а Африка өлкөлөрүндө көргөзмөгө коюлган. И-нын чыгармалары Кыргыз мамл. көркөм сүрөт музе­йинде, Мамл. орус музейинде, Третьяков га­лереясында, Чыгыш элдеринин сүрөт музейин­де, А. С. Пушкин атн. Мамл. сүрөт музейинде, М. Горький атн. Дүйнөлүк ад-т ин-тунда, Буда-

Л. А. Ильина. «Өзүм». Линогравюра. 1967.

пешттеги Улуттук галереяда, И-нын Бишкек­теги үй-музейинде коюлган. 1971-ж. И-га СССР мамл. сыйл. ыйгарылган. Кыргыз ССР Жогор­ку Советинин (6–7-шайл.) депутаты. Эмгек Кы­зыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.


Ад.: Ганкин Э. Лидия Ильина. М., 1961; Попова О. Изобразительное искусство Киргизской ССР. Л., 1972; Прыткова Л. Художники киргизской книги. Ф., 1972; её же. Лидия Ильина. Л., 1973.