ИЛЬИНА Лидия Александровна
ИЛЬИНА́ Лидия Александровна [14 (27). 2. 1915, азыркы Рязань облусу, Михайлов шаары – 1994, Бишкек] – график, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү (1963). Москва көркөм сүрөт институтун бүткөн (1939). Кыргызстанда 1939-жылдан иштеген. Ильина – китеп жана станоктук графика боюнча чет өлкөлөргө чейин маалым эмгектердин автору. Ал чыгармачылыгында түрдүү техниканы, айрыкча линогравюраны жана ксилографияны пайдаланган. 1950–1960-жылдары Т.Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери», Б. Кербабаевдин «Чечүүчү кадам», М. Ауэзовдун «Абай» романдарын, Токтогулдун чыгармаларын, У. Шекспирдин сонеттерин, Ч. Айтматовдун «Тоолор жана талаалар повесттери» аттуу китептерин көркөмдөгөн. 1950-жылдардын ортосунда тарткан «Кыргыз аялдары жөнүндө сөз» линогравюра сериясы, «Бир тууган край» аттуу ксилография сериясы Ильинаны көрүнүктүү графиктердин катарына кошкон. Сүйүктүү темасы – аял, анын коомдогу ролу жана алдыңкы идеал үчүн күрөштөгү орду. Чыгармачылыгында жарандык жана ыймандуулук маселесин көтөрүү максатын көздөгөн. Буга анын «Дүйнө аялдары», «Катаал жылдар», «Бүгүнкү Кыргызстан», «Кыргызстан жаштары», «Энелик сезим» жана башка сүрөттөрү ачык далил. Мыкты графика чыгармалары Америка, Жапония, Австралия, Англия, Франция, Канада, Югославия, Польша, ГДР, Мексика, Чехословакия, Финляндия ж-а Африка өлкөлөрүндө көргөзмөгө коюлган.


Иьинанын чыгармалары Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде, Мамлекеттик орус музейинде, Третьяков галереясында, Чыгыш элдеринин сүрөт музейинде, А. С. Пушкин атындагы Мамлекеттик сүрөт музейинде, М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунда, Будапешттеги Улуттук галереяда, Ильинанын Бишкектеги үй-музейинде коюлган. 1971-жылы Ильинага СССР мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (6–7-шайлоо) депутаты. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Ганкин Э. Лидия Ильина. М., 1961; Попова О. Изобразительное искусство Киргизской ССР. Л., 1972; Прыткова Л. Художники киргизской книги. Ф., 1972; её же. Лидия Ильина. Л., 1973.