ИЛЬИНСКИЙ
ИЛЬИ́НСКИЙ Игорь Владимирович [11 (24). 7. 1901, Москва – 13. 1. 1987, ошол эле жер] – орус актёру, СССР эл арт. (1949), Соц. Эмг. Баатыры (1974).

Ф. Ф. Комиссаржевскийдин театр студиясынан окуган (1917). 1920-жылдан В. Э. Мейерхольд атн. театрда, 1938- жылдан Кичи театрда иштеген. РСФСР театрларында ж-а Мейерхольд атн. театрда аткарган ролдору: Присыпкин (В. Маяковский, «Кене»), Счастливцев (А. Островский, «Токой»), Расплюев (Сухово-Кобылин, «Кречинскийдин үйлөнүү тою»), Аким (Л. Н. Толстой, «Караңгылыктын бийлиги») ж. б. Комик кино актёр катары да белгилүү («Волга-Волга», «Карнавал түнү», «Торжоктук бычмачы» ж. б. фильмдер). И. – көркөм окуу өнөрүнүн да устаты болгон. СССР мамл. сыйл. (1941, 1942, 1951), Лениндик сыйл. (1980) лауреаты.